Бүгүн, 15-февралда Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министринин орун басары Чыңгыз Эсенгул уулу ырчы Каныкей Алымбековга “Маданияттын мыкты кызматкери” төш белгисин тапшырды.
Тиешелүү буйрукка Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министри Алтынбек Максутов кол койгон. Чыңгыз Эсенгул уулу өнөр адамдарына сыйлыктарды тапшырып жатып, аларга чыгармачылыктагы ийгиликтерди жана бекем ден-соолук каалады.
Алымбекова Каныкей Муратбековна тууралуу:
Каныкей 1987-жылдын 16-октябрында Чүй облусуна караштуу Токмок шаарында төрөлгөн. 2011-жылы М.Күрөңкеев атындагы Кыргыз Мамлекеттик музыкалык окуу жайын, 2018-жылы К.Молдобасанов атындыгы Кыргыз Улуттук консерваториясын, ал эми 2011- жылы Кыргызстан Эл аралык университетинин ийгиликтүү аяктаган. Каныкей учурда Бишкек шаарындагы №75 лицейде “Музыка” сабагы боюнча окутуучу, ал эми 2023-жылдан тарта Т.Сатылганов атындагы Кыргыз Улуттук филармониясында солист болуп эмгектенип келет. Чыгармачылык жолу 2008-жылы башталып, алгачкы концерти 2011-жылы коюлган. Репертуарында сөзү жана обону өзүнө таандык 50 дөн ашык ыры бар. “Коё бергин мени кайгы”, “Садагам” жана “Куурчак” аттуу альбомдору бар. Каныкей эл аралык фестивалдарга жана мамлекеттик деңгээлдеги иш чараларга катышып келет.
Кыргыз футбол биримдигинин президенти Камчыбек Ташиев КФБнын колдоосу менен тартылган "Чемпион" кинотасмасының жабык көрсөтүүсүнө катышты. Фильм футболду сүйгөн жаштарды, мекенди...
Актёр Кутман Айылчиев жубайы Океана Урматбекке Lexus NS 300 үлгүсүндөгү унаа белек кылды. Бул туралуу актриса социалдык тармактагы баракчасына жазып,...
Ырчы Гүлназ Чыныбек кызы атасына Kia Sorento үлгүсүндөгү унаа белек кылды. Жакындарынын курчоосунда атасына күтүлбөгөн белек тапшырган ырчы айым бул...
Кыргызстандык ырчы Амирчик "Кандай" аталышындагы ырынын клибин жарыялады. Ал клибине Кыргызстанга эле эмес, Борбор Азияга таанымал болгон атактууларды тарткан. Алгач...