Abank_nov
SerepTV Logo

10 жылдан бери токтоп турган турак үйдүн курулушун бүткөрүү маселеси каралды

10 жылдан бери токтоп турган турак үйдүн курулушун бүткөрүү маселеси каралды
 
Президент Садыр Жапаровдун тапшырмасына ылайык, Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министрлиги көп жылдан бери курулушу токтоп турган көйгөйлүү объектилерди бүткөрүү жана үлүш ээлеринин укуктарын коргоо багытында тиешелүү иштерди тынымсыз жүргүзүүдө.

8-ноябрда Курулуш министринин орун басары Бакай Турдугулов Бишкек шаарындагы Арча-Бешик жаңы конушунун Аксы көчөсү 15 дарегинде жайгашкан курулуш объектисине барып, үлүш ээлери менен жолукту. “Альянс курулуш плюс” компаниясы тарабынан 2016-жылы башталган беш кабаттуу турак үйдүн курулушу бүгүнкү күнгө чейин аяктаган эмес. Жалпы беш блоктон турган объектиде эскиздик долбоор боюнча 120 батир каралган. Курулуш иштери ар кандай баскычта токтоп калган. Мындан тышкары, объект тиешелүү уруксат берүүчү документтерсиз курулган.

Жолугушууда үлүш ээлери турак үйдүн курулушу он жылдан бери бүтпөй келе жатканын белгилеп, объектини Курулуш министрлиги бүткөрүп берүү өтүнүчү менен кайрылышты. Бакай Турдугулов белгилегендей, объект министрликтин карамагына өткөндөн кийинки негизги максат — курулушту аягына чыгарып, үлүш ээлерин батирлерине киргизүү. Алдыда объектти министрликтин карамагына өткөрүп берүү боюнча тиешелүү документтерди тариздөө иштери башталат. Ошондой эле имараттын техникалык абалын аныктоо максатында адистер тарабынан текшерүү жүргүзүлүп, техникалык корутунду даярдалат. Анын жыйынтыгында объекттин курулушун улантуу жана аяктоо боюнча мындан аркы чаралар аныкталат.
SEREP MEDIA