Abank_nov
SerepTV Logo

100 млн сомдон ашык каражат жумшалган көчөттөрдүн 95 пайызы куурап калгандыгы аныкталды

100 млн сомдон ашык каражат жумшалган көчөттөрдүн 95 пайызы куурап калгандыгы аныкталды
 
Ош экологиялык прокуратурасы тарабынан жүргүзүлгөн текшерүүдө Баткен облусунун Лейлек районундагы «Жашыл чек ара» долбоорун ишке ашырууга 100 млн 887 миң 900 сом бөлүнгөнүнө карабастан, долбоордо каралган иштер толук аткарылбай, көчөттөрдүн өсүшү жана сугарылышы үчүн зарыл шарттар түзүлбөгөндүктөн, алардын 95 пайызга жакыны куурап калгандыгы аныкталган.

Бул факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 337-беренеси (кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу) менен кылмыш иши козголуп, учурда тергөө амалдары жүргүзүлүүдө.
SEREP MEDIA