Өрт чыккан учурда балдар бала бакчада болгон эмес
Агартуу министрлиги Чүй облусунун Жайыл районуна караштуу Кызыл-Ой айылындагы Түркмөн жалпы билим берүү мектебинин эски имаратында чыккан өрт боюнча төмөндөгүлөрдү билдирет.
Мектептин 1974-жылы курулган эски имаратынын аянты 464 чарчы метрди, ал эми 1994-жылы курулган жаңы имаратынын аянты 1160 чарчы метрди түзөт. Мектеп 220 окуучуга ылайыкташтырылган. Учурда анда 137 окуучу билим алат. Өрт чыккан эски имаратта ашкана, китепкана жана үч сааттык режимде иштеген эки тайпалуу бала бакча жайгашкан. Бала бакчада 31 бала тарбияланат. Өрт чыккан учурда балдар бала бакчада болгон эмес.
Ал эми бала бакчаны 10 сааттык иштөө режимине өткөрүү боюнча даярдыктар көрүлүп жатат. Алдын ала маалымат боюнча, өрт болжол менен саат 08:00дө мектептин эски имаратында чыккан. Окуя болгон жерге өрт өчүрүүчүлөр келип, өрттү чектөөгө алышкан. Кыска мөөнөттүү бала бакчанын эмеректери сакталып калган. Ал эми китепканадагы окуу китептери буга чейин окуучуларга таратылгандыктан, өрт чыккан учурда китепканада окуу китептери болгон эмес.