Abank_nov
SerepTV Logo

28 бала угуу мүмкүнчүлүгүнө ээ болду: Катардын дарыгерлери Кыргызстанда кайрымдуулук операцияларын жүргүзүштү

28 бала угуу мүмкүнчүлүгүнө ээ болду: Катардын дарыгерлери Кыргызстанда кайрымдуулук операцияларын жүргүзүштү
5-ноябрдан 9-ноябрга чейин Улуттук Эне жана баланы коргоо борборунун Оториноларингология бөлүмүндө Катар мамлекетинен келген дарыгерлер тобу тарабынан угуусу начар балдарга кохлеардык имплантация боюнча кайрымдуулук операциялары жүргүзүлдү.

5-ноябрда келген адистер операцияга талапкер болгон 35 баланы медициналык кароодон өткөрүштү. Балдардын ден соолугунун абалы жана тиешелүү диагностикалык изилдөөлөрдүн жыйынтыктары эске алынып, алардын ичинен 28 балага операция жасоого уруксат берилди. Калган балдардан КРВИ, отит жана алдын ала дарылоону талап кылган башка убактылуу медициналык каршы көрсөтмөлөр аныкталды.
SEREP MEDIA