«Бул чечим жол кыймылы эрежелерин бузуунун айрым түрлөрү үчүн айып пул өлчөмү көбөйтүлгөн тиешелүү мыйзам күчүнө киргенине байланыштуу кабыл алынды. Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын кызматкерлеринин арасында коррупциялык жосундарга жол бербөө үчүн ушул мыйзамдын талаптарынын аткарылышын тыкыр көзөмөлгө алуу зарыл. Ошондой эле, айдоочулар арасында түшүндүрүү-профилактикалык иштерди күчөтүү тапшырмасы берилди. Ошону менен бирге Жапаров жол кыймылынын коопсуздугун камсыздаган кызматкерлер тарабынан пара талап кылуу фактылары болсо, жарандарды ачык айтууга чакырат. Абийирсиз кызматкерлердин бардыгына тийиштүү чаралар көрүлөт», — деп айтылат маалыматта.
Төө-Ашуу жана Өтмөктө кар жаап жатат
Аба ырайынын кескин өзгөрүшүнө байланыштуу 15-апрелден 19-апрелге чейин жаан-чачын күтүлүп, абанын температурасы жогорулайт. Кыргызстандын тоолуу райондорунда кар көчкү түшүү коркунучу...












