2010-жылы туулган Аннас Айтбаев Бишкектеги №72 мектепте 21-январда сабалып, кийин ооруканада жандандыруу бөлүмүндө 4-февралда каза болгон. SEREP TV телеканалына маркум окуучунун ата-энеси маек беришти.
Аннас таланттуу, тамашакөй, кыймылдуу бала болгонун апасы Нуризакан Эрмекбаева эскерет. Ал 20-январь күнү, каргашалуу окуядан бир күн мурда кечинде үйдө лезгинка бийлеп жаткан видеосу менен бөлүштү. Баласы үй ичинде баспай, сальто таштап барып, кайра келген куунак бала болгонун айтат.
«Ушул балам маданият тарабынан чыгат ко деп ойлочумун. Актерлук өнөрү бар эле. Үйдө олтурганда да актерлорду өзүндөй туурап койчу. Бир көргөнүн илип алчу. 6 жашында Шумкар менен вайнга тартылдым деп келди. Кийин интернеттен көрүп калдык. Биз менен да жөн сүйлөшчү эмес, тамашалап, күлдүрүп турчу. Бирок акыркы бир жылдан бери дарыгер болом деп калган», — дейт Аннастын апасы.
Буга чейин Аннас ата-энесине мектептиги зордук-зомбулук жөнүндө айткан эмес.
«Балдарым бир аз ооруп калса же көпкө уктаса да байкап турчумун. Жумушта болсом да балдарыма тынымсыз чалып, алардын үнүн угуп көңүлүм жай алчу. Балам мектепте ур-токмокко кабылып жатканын айтчу эмес. Өспүрүмдөр арасындагы зомбулук тууралуу тегерек четтен угуп калганымда кез кез сурап турчумун. Бирок эч айтпай койду», — дейт Нуризакан Эрмекбаева.