2010-жылы туулган Аннас Айтбаев Бишкектеги №72 мектепте 21-январда сабалып, кийин ооруканада жандандыруу бөлүмүндө 4-февралда каза болгон. SEREP TV телеканалына маркум окуучунун ата-энеси маек беришти.
Баласынын ден соолугунда буга чейин эч маселе болбогонун айткан апасы Нуризакан Эрмекбаева колунда эки ай мурдагы анализдеринин жыйынтыгы бар экенин кошумчалайт.
«Күздө Аннас менин боюм кичинекей, витамин ичейин деп айтып калды. Биринчи врачка баралы, жөнү жок витамин ичкен болбойт деп дарыгерге алып бардым. Октябрь айында эндокринологго барганбыз. Анализдердин жыйынтыгында кальцийи көп, Д витамини төмөн болуп чыкты. Ошого жараша витамин ичти. Анан декабрда кан тапшырып, УЗИге түшүрүп, эндокринолог кайрадан текшерген. Ошондо дарыгер бүт денесин да текшерген. Ал анализдерин көрүп, балаңызда баары жакшы, бою да өсөт деп бизди чыгарган. Азыр ошол анализдери баары менде сакталуу. Аннастын ден соолугунда эч кандай көйгөй жок болчу. Эч жери ооручу эмес», — деди апасы.