Үстүбүздөгү жылдын 4-февралында 2010-жылы туулган Аннас Айтбаев Бишкектеги №72 мектепте сабалып, кийин ооруканада каза тапкан. SEREP TV телеканалына маркум окуучунун ата-энеси маек беришти.
Жандардынуу бөлүмүндө кирсем балам колумду кысып, көзүнөн жаш акты деген Аннастын атасы Дөөлөтбек Айтбаев уулу сүйлөй албаса да белги бергенин айтты.
«Чет өлкөдөн келсем балам жандандыруу бөлүмүндө экен. Мени тааныды, сүйлөй албады. Бирок көзүнөн жаш агып, колу менен ичин жаңсап көрсөттү. Урду дегенди айтайын деп жатыптыр. Мен жакшы оюмда дагы тамашалап жатат ко, үйгө барганда кол күрөштүрүп ойнойбуз деп жатабы деп ойлогом. Көрсө, балам ичин көргөзүп жаткан экен», — дейт Аннастын атасы.
Ал баласы Аннас колун бекем кармаганын, акырын тартканын айтып «Колумду өбөм деп аракет кылды. Мамасынын колун өөп, бешенесине тийгизчү да», деп эскерди.