Буга чейин социалдык тармактарда «Арстан Алай абакта каза болду» деген маалымат тараган. ЖАКтан билдиришкендей, бул маалымат жалган.
Арстан Алай дайынсыз болуп, милиция тарабынан изделип жаткан. СЕРЕП МЕДИА маалымат агенттигине анын УКМКда экени маалым болгон. Ал «диний кастыкты козутуу» беренеси менени айыпталып жатат. Октябрь райондук сотунда анын бөгөт чарасы каралып, ал 15-январга чейин камакта калтырылган.