Abank july
SerepTV Logo

Лионель Месси Аргентина курамасындагы карьерасын аяктай турганын жарыялады

Лионель Месси Аргентина курамасындагы карьерасын аяктай турганын жарыялады

Лионель Месси Аргентинанын улуттук курама командасындагы карьерасын аяктай турганын жарыялады.

«Бул чечимди кабыл алуу мага оор болду жана азыр да жан дүйнөмдү терең оорутат. Бирок азыр муну жасоого ылайыктуу учур экенин түшүнүп турам», — деп жазган легендарлуу футболчу Instagram баракчасына. Анын айтымында, курама командада ойногон жылдары ал ар дайым командасы жана күйөрмандары үчүн болгон күчүн жумшап келген.

Месси ошондой эле футбол аркылуу аргентиналыктарга кубаныч тартуулап, өз өлкөсү менен сыймыктануусуна себеп болууну дайыма максат кылганын белгиледи.

«Мен тынчтык жана сыймыктануу сезими менен кетип жатам. Анткени командалаштарым менен бирге силерге бир кезде кыялдануу менен гана элестете алган көз ирмемдерди тартууладык», — деп айтылат анын билдирүүсүндө.

Месси Аргентинанын улуттук курамасынын сабында рекорддук 207 беттеш өткөрүп, 125 гол киргизген. Капитан катары ал команданы 2022-жылдагы Дүйнө чемпиондугунда жеңишке жетелеген. Ошондой эле 2021 жана 2024-жылдары Америка Кубогун уткан.

Ошол эле учурда футболчу клубдук карьерасын аяктабайт. Месси 2023-жылы «Барселона» жана «Пари Сен-Жермен» клубдарындагы карьерасынан кийин өткөн америкалык «Интер Майами» клубунда ойноосун улантат.

SEREP MEDIA