«Азыркы учурда Баткен районунун Көк-Таш, Самаркандек, Ак-Сай, Кызыл-Бел айылдарында абал туруктуу. Милиция кызматкерлери күчөтүлгөн тартипте коомдук кырдаалды жөнгө салууда толугу менен иш алып барууда. Бул аймактарда жашаган жергиликтүү тургундардын коопсуздугун сактоодо Баткен ОИИБдин начальниги, милициянын полковниги Мурат Бороновдун көзөмөлүндө.
Ал эми облус аймактарындагы болуп жаткан окуялар боюнча милициянын жүргүзгөн иш-аракеттерин ИИМдин министри, милициянын генерал-майору Улан Ниязбеков өз көзөмөлүнө алып, коомдогу болуп жаткан терс көрүнүштөрдү жөнгө салууда тийиштүү тапшырмаларды берүүдө», — деп айтылат маалыматта.