Бейшемби, 16.04.2026
Бишкек booked.net
+19...+31° C
  • Жарнама
  • Байланыш
 SerepKG
Биз социалдык тармакта
  • СерепТВ
    • ЖАҢЫЛЫКТАР
    • САЯСИЙ КОКТЕЙЛЬ
    • КООМ/ТАГДЫР
    • КЫЛМЫШ/КЫРСЫК
    • ШОУ-БИЗНЕС
    • МАДАНИЯТ
    • БийикТикте
    • ЖЫЛДЫЗ ТӨЛГӨ
    • ЖУБАЙЛАР ШОУ
    • ЖҮРӨК СЫРЫ
    • ЖЫЛАӉАЧ БААТЫР
    • СПОРТ
    • ЖЫЛМАЙЫП КОЮӉУЗ
    • АР ТҮРКҮН
    • ЭМГЕК ЖАРЧЫСЫ
    • СЕРИАЛДАР
  • КАБАРЛАР
    • САЯСАТ
    • КООМ
    • МАДАНИЯТ, ШОУ-БИЗНЕС
    • КЫЛМЫШ, КЫРСЫКТАР
    • СПОРТ
    • ТҮРКҮН ДҮЙНӨ
    • КОРЕЙ ТОЛКУНУ
    • ПАЙДАЛУУ КЕӉЕШТЕР
No Result
Бардык жыйынтык
  • Кирүү
  • Каттоо
 SerepKG
  • СерепТВ
    • ЖАҢЫЛЫКТАР
    • САЯСИЙ КОКТЕЙЛЬ
    • КООМ/ТАГДЫР
    • КЫЛМЫШ/КЫРСЫК
    • ШОУ-БИЗНЕС
    • МАДАНИЯТ
    • БийикТикте
    • ЖЫЛДЫЗ ТӨЛГӨ
    • ЖУБАЙЛАР ШОУ
    • ЖҮРӨК СЫРЫ
    • ЖЫЛАӉАЧ БААТЫР
    • СПОРТ
    • ЖЫЛМАЙЫП КОЮӉУЗ
    • АР ТҮРКҮН
    • ЭМГЕК ЖАРЧЫСЫ
    • СЕРИАЛДАР
  • КАБАРЛАР
    • САЯСАТ
    • КООМ
    • МАДАНИЯТ, ШОУ-БИЗНЕС
    • КЫЛМЫШ, КЫРСЫКТАР
    • СПОРТ
    • ТҮРКҮН ДҮЙНӨ
    • КОРЕЙ ТОЛКУНУ
    • ПАЙДАЛУУ КЕӉЕШТЕР
No Result
Бардык жыйынтык
  • Кирүү
  • Каттоо
 SerepKG
No Result
Бардык жыйынтык
Башкы бет КАБАРЛАР КООМ

«Бийликке келгендер да, эл да арам ойлуулардын жетегине жетеленбешибиз керек». Садыр Жапаровдун Июнь окуясына карата кайрылуусу

09:50 10.06.2024
0
«Бийликке келгендер да, эл да арам ойлуулардын жетегине жетеленбешибиз керек». Садыр Жапаровдун Июнь окуясына карата кайрылуусу
Президент Садыр Жапаров 2010-жылдагы июнь трагедиясын эскерүү күнүнө карата кайрылуу жасады.

Мамлекет башчысынын кайрылуусу:

“Этностор аралык кагылышуулар бүгүнкү күндө да көптөгөн өлкөлөр үчүн башкы көйгөй жана оор сыноолордун бири болуп калды. Мындай каргашалуу окуялардын натыйжасы бир өлкөнүн туруксуздугуна, же экономикасынын алсырашына эле алып келбестен, кайра калыбына келтире албаган кесепеттерге алып келген учурлар да бар. Тилекке каршы, бизде да 2010-жылы көп этностуу Кыргызстаныбыздын биримдигин уратууга, эзелтен боордош болуп жуурулуша жашап келген элибиздин ынтымагын бузууга ниет кылгандардын ою кайсыл бир деңгээлде ишке ашып, дүйнөдөгү негативдүү тенденциялар өлкөбүздүн турмушунда дагы орун алган. Бүгүн 14 жыл мурунку Ош, Жалал-Абад аймактарында болгон кандуу калабаны, анда каза болгон жарандарыбызды кайгыруу менен эскерип турабыз.

Ошол каргашадан ондогон кылымдарды башынан кечирген санжыргалуу тарыхы бар Кыргызстан калкы эң алды журт биримдиги деп ураан чакырып чыга алды. Ошентсе да 2010-жылдагы бул каргашалуу окуяны эгерим эсибизден чыгарбашыбыз керек. Бийликке келгендер да, эл да мындай арам ойлуулардын жетегине жетеленбешибиз керек. Жеке кызыкчылыктарга азгырылбай, баарыбыздын Ата Мекенибиз Кыргызстан экенин, аны бизден башка эч ким коргобостугун аңдап түшүнүүбүз зарыл.

Бүгүнкү күндө мамлекет тарабынан көп этностуу элибиздин ынтымагын бекемдөө үчүн «Кыргыз жараны» концепциясы ишке ашырылып, Кыргызстан элинин ассамблеясы менен дагы ырааттуу иш-чараларды өткөрүү сындуу Кыргызстан элин бириктирүүгө багытталган программалуу документтер ишке киргизилген.

Биз көп этностуу жамааттардын өлкөнүн коомдук турмушунун бардык чөйрөсүнө жоопкерчилик менен жигердүү катышуусун камсыздоого жетишүүбүз зарыл. Ошону менен бирге өлкөбүздөгү этностор, конфессиялар жана башка социалдык топтор Баш мыйзамыбыз баштаган укуктук документтерге баш ийгенде жана мыйзам үстөмдүгү орногондо гана мамлекетибизде ынтымак, биримдик жана өнүгүү болот.

Ата Мекенибиздин бүтүндүгүн көздүн карегиндей сактоо, мамлекеттүүлүгүбүздү чыңдоо үчүн жоопкерчилигибизди сезе билели. Эгемен мамлекетибиздин кадырына жете билели. Кыргызстандын жаркын келечегин курууда ынтымагыбыз бекем, көздөгөн максатыбыз бир болсун! Жараткан жалпы журтубуздун биримдигин арттырып, ырыскысын мол кылсын!”.

БөлүшүүБөлүшүүTweetЖиберүүБөлүшүүБөлүшүү
СЕРЕП МЕДИА

СЕРЕП МЕДИА

Окшош

Кыргызстан – Кытай – Өзбекстан темир жолунда тоннелдерди казуу иштери жүрүп жатат

Кыргызстан – Кытай – Өзбекстан темир жолунда тоннелдерди казуу иштери жүрүп жатат

Автор СЕРЕП МЕДИА
11:04 15.04.2026
1

Кыргызстан – Кытай – Өзбекстан темир жолунун курулушу боюнча: учурда тоннелдерди казуу жана инфраструктураны даярдоо иштери жүрүүдө. Инфраструктура жаатында: убактылуу...

Кожомкул атындагы Спорт сарайында жаңы бассейн курулат

Кожомкул атындагы Спорт сарайында жаңы бассейн курулат

Автор СЕРЕП МЕДИА
09:40 15.04.2026
0

Көчмө жыйындын алкагында калаа башчысы Кожомкул атындагы Спорт сарайынын аймагындагы демонтаж иштерин көрүп чыкты. Бул жерде жаңы бассейн куруу пландалууда....

Нарындагы окуучунун өлүмү боюнча завуч кармалды

Нарындагы окуучунун өлүмү боюнча директорго катуу сөгүш берилди

Автор СЕРЕП МЕДИА
09:36 15.04.2026
0

Нарын районунун Ийри-Суу айылында жайгашкан М.Байдөөлөтов атындагы мектептин 7-классынын окуучусу А.Э.Э.нин өз өмүрүнө кол салганы тууралуу маалыматтын негизинде Нарын шаардык...

Токмок шаарында мыйзамсыз көчмө зоопарк аныкталды

Токмок шаарында мыйзамсыз көчмө зоопарк аныкталды

Автор СЕРЕП МЕДИА
09:32 15.04.2026
0

13-апрелде Экологиялык жана техникалык көзөмөл кызматынын Биоресурстарды контролдоо бөлүмү жана Чүй регионалдык башкармалыгы тарабынан биргелешкен рейд жүргүзүлдү. Иш-чарага «Бугу эне»...

Апрелде кене чаккан учурлар көбөйдү — 41 адам кайрылды

Апрелде кене чаккан учурлар көбөйдү — 41 адам кайрылды

Автор СЕРЕП МЕДИА
16:52 14.04.2026
0

1-апрелден 13-апрелге чейин кене чаккандан кийин жугуштуу оорулар ооруканасына 41 адам кайрылды, алардын ичинен 21и бала. Бир бала ооруканага жаткырылды,...

Комментарий кошуу Отменить ответ

Сиздин email дарек жашыруун бойдон калат. * - сөзсүз толтурулушу керек

  • Популярдуу
  • Комментарийлер
  • Жаңы
Мурдагы тышкы иштер министринин иши боюнча жаңы фактылар аныкталды

Мурдагы тышкы иштер министринин иши боюнча жаңы фактылар аныкталды

14:48 15.04.2026
Байсаловдун ордуна Маматканов келди

Байсаловдун ордуна Маматканов келди

09:44 15.04.2026
Тышкы иштер министрлигинин мурдагы башчысына кызматтык абалынан кыянаттык менен пайдалануу фактысы боюнча айыбы угузулду

Тышкы иштер министрлигинин мурдагы башчысына кызматтык абалынан кыянаттык менен пайдалануу фактысы боюнча айыбы угузулду

09:13 15.04.2026
Байсаловдун ордуна Маматканов келди

Байсаловдун ордуна Маматканов келди

1
Кыргызстан – Кытай – Өзбекстан темир жолунда тоннелдерди казуу иштери жүрүп жатат

Кыргызстан – Кытай – Өзбекстан темир жолунда тоннелдерди казуу иштери жүрүп жатат

1
Өзгөн районунда 108 айылдын 51 айылы таза суу менен камсыздалган

Өзгөн районунда 108 айылдын 51 айылы таза суу менен камсыздалган

16:17 15.04.2026
Кыргыз футбол союзу Камчыбек Ташиевге ыраазычылык билдирди

Кыргыз футбол союзу Камчыбек Ташиевге ыраазычылык билдирди

16:10 15.04.2026
Садыр Жапаров: «Быйылкы жылы Кара-Кулжада 40 чакырым жолду оңдоп-түзөө мерчемделген»

Садыр Жапаров: "Быйылкы жылы Кара-Кулжада 40 чакырым жолду оңдоп-түзөө мерчемделген"

15:55 15.04.2026

АРХИВ

Апрель 2026
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12345
6789101112
13141516171819
20212223242526
27282930  
« Мар    
Посмотреть на карте Бишкека
Найти проезд до СерепТВ , информационный портал

Биздин дарек:
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары.

Коёнкөзов көчөсү, 75

Кеӊсе
+996 (770) 88-29-00
info@serep.kg

Реклама бөлүмү
+996 (220) 88-29-29
+996 (222) 88-29-29
reklama@serep.kg

Биз социалдык тармакта

Купуялык саясаты

©2021 СЕРЕП МЕДИА. Бардык укуктар корголгон.

No Result
Бардык жыйынтык
  • Кирүү
  • Каттоо
  • СерепТВ
    • ЖАҢЫЛЫКТАР
    • КООМ/ТАГДЫР
    • КЫЛМЫШ/КЫРСЫК
    • САЯСИЙ КОКТЕЙЛЬ
    • ШОУ-БИЗНЕС
    • МАДАНИЯТ
    • БийикТикте
    • ЖЫЛДЫЗ ТӨЛГӨ
    • ЖУБАЙЛАР ШОУ
    • ЖЫЛМАЙЫП КОЮӉУЗ
    • СПОРТ
    • АР ТҮРКҮН
    • ЖҮРӨК СЫРЫ
    • ЖЫЛАӉАЧ БААТЫР
    • СЕРИАЛДАР
    • ЭМГЕК ЖАРЧЫСЫ
  • КАБАРЛАР
    • САЯСАТ
    • КООМ
    • МАДАНИЯТ, ШОУ-БИЗНЕС
    • КЫЛМЫШ, КЫРСЫКТАР
    • СПОРТ
    • ТҮРКҮН ДҮЙНӨ
    • КОРЕЙ ТОЛКУНУ
    • ПАЙДАЛУУ КЕӉЕШТЕР
  • Жарнама
  • Байланыш

©2026 СЕРЕП МЕДИА. Бардык укуктар корголгон.

Кош келдиңиз!

Төмөндө сиздин эсебине кирүү

Сыр сөзүңүздү унуттуңузбу? Каттоо

Аккаунт түзүү

Катталуу үчүн төмөнкүлөрдү толтуруӊуз

Баарын толтуруӊуз. Кирүү

Retrieve your password

Please enter your username or email address to reset your password.

Кирүү