Бишкек шаарынын ЖЭБинин штаттан тышкаркы кырдаалда жабырланган кызматкерге ишкананын балансындагы үйдө жашаганга мүмкүнчүлүк түзүлүп берилди. Бул тууралуу Энергетика министрлигинен маалымдашты.
Министр Таалайбек Ибраевдин өзгөчө кырдаал учурунда жабыркагандарга жардам көрсөтүү зарылчылыгы жөнүндө тапшырмасын ишке ашыруунун алкагында. Ошондой эле, учурдагы кырдаалды жана жабырлануучунун абалын эске алуу менен Бишкек шаарынын ЖЭБинин жетекчилиги жабырлануучуга ишкананын балансындагы үйдө жашоого мүмкүнчүлүк түзүп беришти жана эки жабырлануучуга моралдык чыгымдын ордун толтурду. Кырсык болгонго чейин жабырлануучу үй-бүлөсү менен жатаканада жашаган жана жалгыз багуучу болуп келген.
“Электр станциялары” ААКтын башкы директорунун биринчи орун басары Азамат Абдыкадыров, Бишкек шаарынын ЖЭБинин директору Алпбек Садыров жана директордун орун басарлары кырсык учурунда жабырлануучуну көргөнү барышты. Алпбек Садыров жабырлануучу жана анын атасы менен баарлашып, анын ден соолугунун абалы жана тез айыгып кетүү үчүн мындан аркы иш-аракеттери жөнүндө таанышып, суроолорду, көйгөйлөрдү угуп, мындан ары аны тезирээк калыбына келтирүү үчүн ишкана тарабынан баардык чаралар көрүлөөрү жана зарыл жардам көрсөтүлүп тураары тууралуу белгилей кетти.
Буга чейин Бишкек шаарынын ЖЭБинде болгон авариялык кырдаалдан жабыркаган кызматкерлер Түркиянын Адана шаарындагы Мамлекеттик илимий-изилдөө ооруканасында дарыланышкан, 9-майда Бишкек шаарына кайтып келгенден кийин саламаттык сактоо министрлигине караштуу Курортология жана калыбына келтирүүчү дарылоо, илимий-изилдөө институтунда реаблитациядан өтүшкөн.
Аба ырайынын кескин өзгөрүшүнө байланыштуу 15-апрелден 19-апрелге чейин жаан-чачын күтүлүп, абанын температурасы жогорулайт. Кыргызстандын тоолуу райондорунда кар көчкү түшүү коркунучу...
Президент Садыр Жапаровдун Ош облусуна болгон иш сапары жыйынтыкталды. Өлкө башчысы Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Аманкан Кенжебаев менен биргеликте...
Кечээ, 15-апрелде Бишкек шаарынын ЖЭБнин базасында Бишкек шаарынын мэри Айбек Жунушалиевдин жана Бишкек шаардык кеңешинин төрагасы Бекжан Үсөналиевдин төрагалыгы алдында...
Кыргызстан – Кытай – Өзбекстан темир жолунун курулушу боюнча: учурда тоннелдерди казуу жана инфраструктураны даярдоо иштери жүрүүдө. Инфраструктура жаатында: убактылуу...
Көчмө жыйындын алкагында калаа башчысы Кожомкул атындагы Спорт сарайынын аймагындагы демонтаж иштерин көрүп чыкты. Бул жерде жаңы бассейн куруу пландалууда....