Abank_nov
SerepTV Logo

Бишкек мэри 4-кичи райондо сугат системасы уюштурулганга чейин бак-дарактарды отургузууну токтотту

Бишкек мэри 4-кичи райондо сугат системасы уюштурулганга чейин бак-дарактарды отургузууну токтотту
 
7-ноябрда Бишкек шаарынын мэри Айбек Жунушалиев борбор калаанын 4-кичи районунда жүргүзүлүп жаткан иштердин жүрүшүн жеринен көрүп, сугат системасы жок болгондуктан, бак-дарактарды отургузуу боюнча пландалган иштерди токтотту.

Шаар башчысы жашыл көчөттөрдү отургузуу аларды мындан ары багуу жана суу менен камсыз кылуу үчүн зарыл шарттар түзүлгөндөн кийин гана жүргүзүлүшү керектигин баса белгиледи.

«Сугат системасы жок жерлерге бак-дарактарды отургузууга таптакыр тыюу салам. Алгач арык системасын куруу иштерин толук бүтүрүп, сугат үчүн суу менен камсыз кылуу зарыл. Андан кийин гана көчөттөрдү отургузууга киришүү керек. Бул аймакка сөзсүз түрдө бак-дарактарды отургузабыз, бирок бардык зарыл шарттар түзүлгөндөн кийин гана», — деди Бишкек шаарынын мэри.

Жеринде жүргүзүлгөн текшерүүнүн жыйынтыгында арык куруу иштерин аяктоо жана сугат иштерин уюштуруу боюнча тиешелүү тапшырмалар берилди. Бак-дарактарды отургузуу жогоруда белгиленген иштер толук аткарылгандан кийин жүргүзүлөт.
SEREP MEDIA