Борбордук шайлоо комиссиясы 28-марттагы жыйынында депутат Султанбай Айжигитовдун депутаттык мандатын жокко чыгарууну карап жатат. Бул тууралуу «Акипресс» жазды.
Айжигитов 2021-жылы «Ыйман Нуру» партиясынан Жогорку Кеңештин депутаты болуп шайланган.
Борбордук шайлоо комиссиясынын төрагасы Тынчтык Шайназаров депутаттыкка талапкерди каттоону жокко чыгаруу боюнча УКМКнын тергөөчүсүнүн кайрылуусу себеп болгонун билдирди. Жыйынга Айжигитов өзү катышууда.
19-марттагы Жогорку Кеңештин тармактык комитеттеринин биргелешкен жыйынына УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев келип, кыргыз-тажик арасы боюнча маалымат берген.
«2017-жылы баланы уруп коюп, анан беренелер алмашып атып, мөөнөтү өттү деп сизди кылмыш жоопкерчилигинен бошоткон турбайбы. Бирок ошол боюнча маалымкатты БШКга бербептирсиз. Мен карап чыктым. БШК эртең Айжигитовдун мандатын алып койсо, таң калбаңыздар»,- деген төрага.