Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев Жалал-Абад облусуна болгон жумуш сапарынын алкагында облусту өнүктүрүү маселелери боюнча жыйын өткөрдү.
Төрага белгилегендей, президенттин тапшырмасына ылайык, быйыл 31-август Кыргыз Республикасынын Эгемендүүлүк күнүн майрамдоону Жалал-Абад облусунда өткөрүү пландаштырылган. Жыйындын жүрүшүндө масштабдуу майрамдык иш-чараларды өткөрүүгө даярдык көрүү маселелери талкууланып, программанын долбоору сунушталды.
Жалал-Абад облусунда Эгемендүүлүк күнүнө карата 30дан ашуун ишкана, социалдык жана инфраструктуралык объектилерди ачуу пландалууда.