Депутат Балбак Түлөбаев Жогорку Кеңештин жыйынында көк бөрүчүнүн өлүмүнөн кийин оюнду жок кылууга аракет кылган күчтөр бар экенин айтты.
«Көк бөрү кыргыздын улуттук оюндарынын бири. Биздин сыймыгыбыз. Ар бир спортто кырсык болот, адам өлөт. Көк бөрүдө кырсык болуп, бир жараныбыз өтүп кетти. Ошонун айынан ошол жердеги калысты дагы, оюнчуну дагы камап коюптур. Бул кырсык да. Көк бөрүнү жок кылууга аракет кылган күчтөр бар. Буга жол бербешибиз керек. Оюндун шарттарын татаалдаштырабызбы же иретке салабызбы караш керек. Кылымдардан бери келе жаткан оюнду бир кырсыктын айынан жок кылып алабызбы? Өлүм-житим бардык оюнда бар»,- деди депутат.
12-март күнү көк бөрү боюнча Нооруз турнирине карата өткөрүлгөн оюнда «Бөрүлү» командасынын капитаны белгилүү улакчы Мирлан Сражидинов оюн учурунда оор жаракат алып, каза болгон.