SerepTV Logo

ДКО-2026: Казакстан "Көчмөндөр жүрүшү" ат марафонунун алгачкы 50 чакырымында алдыга чыкты

ДКО-2026: Казакстан "Көчмөндөр жүрүшү" ат марафонунун алгачкы 50 чакырымында алдыга чыкты
 
VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын алкагында өтүп жаткан "Көчмөндөр жүрүшү" эл аралык ат марафонунун биринчи этабы жыйынтыкталды. Биринчи күнү катышуучулар жалпы 300 чакырымдык аралыктын 50 чакырымын басып өтүштү. Бул тууралуу Дене тарбия жана спорт агенттигинен маалымдашты.

Биринчи этаптын жыйынтыгы боюнча Казакстандын командасы алдыда келе жатат. Экинчи орунда "Ала Тоо” командасы (Кыргызстан) үчүнчү орунда “Ысык-Көл” (Кыргызстан) командасы келе жатат. Катышуучуларды алдыда дагы 250 чакырымдык жол күтөт.

Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын алкагында 300 чакырымдык ат марафону биринчи жолу өткөрүлүп жатат.
SEREP MEDIA