«Дикий Арман» деп атыккан кримтөбөлдүн жубайы жана кыргыз сулуусу Айкөл Аликжанова жолдошу тууралуу казак басылмасына маек берди. Анын айтымында, Арман Жумагелдиевдин Казакстандын экс-президенти Нурсултан Назарбаев менен, анын үй-бүлөсү менен да байланышы жок.
Айкөл Аликжанова маекте жолдошу эмне үчүн Түркиядан Казакстанга келгенин, январь айында болуп өткөн окуяларда эмне менен алек болгонун, улуттук коопсуздук комитети менен байланышы бар-жоктугун жана башка жагдайлар тууралуу айтып берген.
Айкөл Аликжанова модель жана актриса катары таанымал. «Кыргызстан сулуусу» сынагынын 2014-жылдагы жеңүүчүсү. 2016-жылы хиджаб кийип, ошого удаа эле кыз-келиндер үчүн мусулман кийимдеринин дизайнери катары тааныла баштаган. 2017-жылы турмушка чыккан, бирок жолдошу тууралуу маалымат ачыкталган эмес.
«Дикий Арман» деп атыккан кримтөбөл Арман Жумагелдиевдин 7-январда кармалганы маалым болгон.