Энергетикалык суусундуктардын жана тамак-аш азыктарынын коопсуздугун иликтөө боюнча депутаттык комиссиянын жыйыны өттү
Жогорку Кеңеште Балдар жана жаштар үчүн жеткиликтүү энергетикалык суусундуктарды жана адамдын ден соолугуна терс таасир тийгизүүсү мүмкүн болгон тамак-аш продукциясын жүгүртүүнү, ошондой эле алардын сапатын жана коопсуздугун, бул чөйрөдөгү мамлекеттик жөнгө салуунун натыйжалуулугун жана мектепке чейинки билим берүү уюмдары менен жалпы билим берүүчү мектептер үчүн органикалык продукцияны мамлекеттик сатып алууну жүзөгө ашыруу маселелерин комплекстүү иликтөө боюнча убактылуу депутаттык комиссиянын жыйыны болуп өттү.
Жыйындын алкагында депутат Токтобүбү Ашымбаева комиссиянын төрайымы болуп шайланды. Ал эми анын орун басарлары болуп депутаттар Илимбек Кубанычбеков менен Жылдыз Садырбаева аныкталды. Ошондой эле комиссиянын катчылыгы жана иш алып баруу тартиби бекитилди.
Аталган комиссия Жогорку Кеңештин 7-октябрдагы жыйынында «Ынтымак – Мекенчил» депутаттык тобунун демилгеси менен түзүлгөн. Комиссия балдар жана жаштар керектеген энергетикалык суусундуктардын жана башка тамак-аш азыктарынын коопсуздугу менен сапатына көзөмөл жүргүзүүнүн натыйжалуулугун иликтейт. Ошондой эле бул багыттагы көйгөйлөрдү аныктап, билим берүү мекемелерин сапаттуу, коопсуз жана ата мекендик органикалык азык-түлүк менен камсыз кылуу механизмдерин өркүндөтүү боюнча сунуштарды иштеп чыгат. Мындан тышкары, тамак-аш коопсуздугу жаатындагы мыйзамдарды жакшыртуу жана мамлекеттик көзөмөлдү күчөтүү боюнча сунуштарды Жогорку Кеңешке киргизет.