«Пара алам деп ойлосоңор же алып койгон болсоңор, жоопко тартыласыңар». Бул тууралуу УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев УКМКнын Биринчи Май жана Свердлов райондук бөлүмдөрүнүн жаңы имараттарын пайдаланууга берип жатып билдирди.
«Араңарда 2-3 кызматкер бар. Мындан 1 жыл, жарым жыл мурда 6-башкармалыкта иштеген учурда кылган кылмыштарыңар боюнча. Мен тапшырма берип, тергетип жатам. Жакында чыгат. Мен башында түзүлгөн шарттар боюнча жөн айткан жокмун. Эгер мыйзам бузсаңар жооп бересиңер. Камаласыңар. Жоопко тартканда дайыма жүрөгүм ооруйт, бирок мен ошого карабай жасашым керек. Мен ошол үчүн жетекчимин. Кыйналып жатсаңар жетекчиге кайрылгыла. Менин эшигим ар бириңер үчүн ачык. Каалаган күнү кире бергиле. Мен маселеңерди чечкенге жардам берем. Мыйзам бузбагыла», — деди ал.