Жума, 06.03.2026
Бишкек booked.net
+19...+31° C
  • Жарнама
  • Байланыш
 SerepKG
Биз социалдык тармакта
  • СерепТВ
    • ЖАҢЫЛЫКТАР
    • САЯСИЙ КОКТЕЙЛЬ
    • КООМ/ТАГДЫР
    • КЫЛМЫШ/КЫРСЫК
    • ШОУ-БИЗНЕС
    • МАДАНИЯТ
    • БийикТикте
    • ЖЫЛДЫЗ ТӨЛГӨ
    • ЖУБАЙЛАР ШОУ
    • ЖҮРӨК СЫРЫ
    • ЖЫЛАӉАЧ БААТЫР
    • СПОРТ
    • ЖЫЛМАЙЫП КОЮӉУЗ
    • АР ТҮРКҮН
    • ЭМГЕК ЖАРЧЫСЫ
    • СЕРИАЛДАР
  • КАБАРЛАР
    • САЯСАТ
    • КООМ
    • МАДАНИЯТ, ШОУ-БИЗНЕС
    • КЫЛМЫШ, КЫРСЫКТАР
    • СПОРТ
    • ТҮРКҮН ДҮЙНӨ
    • КОРЕЙ ТОЛКУНУ
    • ПАЙДАЛУУ КЕӉЕШТЕР
No Result
Бардык жыйынтык
  • Кирүү
  • Каттоо
 SerepKG
  • СерепТВ
    • ЖАҢЫЛЫКТАР
    • САЯСИЙ КОКТЕЙЛЬ
    • КООМ/ТАГДЫР
    • КЫЛМЫШ/КЫРСЫК
    • ШОУ-БИЗНЕС
    • МАДАНИЯТ
    • БийикТикте
    • ЖЫЛДЫЗ ТӨЛГӨ
    • ЖУБАЙЛАР ШОУ
    • ЖҮРӨК СЫРЫ
    • ЖЫЛАӉАЧ БААТЫР
    • СПОРТ
    • ЖЫЛМАЙЫП КОЮӉУЗ
    • АР ТҮРКҮН
    • ЭМГЕК ЖАРЧЫСЫ
    • СЕРИАЛДАР
  • КАБАРЛАР
    • САЯСАТ
    • КООМ
    • МАДАНИЯТ, ШОУ-БИЗНЕС
    • КЫЛМЫШ, КЫРСЫКТАР
    • СПОРТ
    • ТҮРКҮН ДҮЙНӨ
    • КОРЕЙ ТОЛКУНУ
    • ПАЙДАЛУУ КЕӉЕШТЕР
No Result
Бардык жыйынтык
  • Кирүү
  • Каттоо
 SerepKG
No Result
Бардык жыйынтык
Башкы бет КАБАРЛАР КООМ

Элдик курултай Кадыр Кошалиевдин Бакиевден маек алганы регламентке каршы келбей турганын билдирди

10:32 11.08.2023
0
Элдик курултай Кадыр Кошалиевдин Бакиевден маек алганы регламентке каршы келбей турганын билдирди

Элдик курултайдын маалымат кызматы качкын президент Курманбек Бакиевден маек алган Элдик курултайдын Аксакалдар кеңешинин төрагасы жана журналист Кадыр Кошалиев боюнча түзүлгөн комиссиянин корутундусу чыкканын билдирди.

Биринчи Элдик Курултайдын делегаты, саясий серепчи Бакыт Бакетаев башында турган коомдук комиссия Кошалиевдин иш-аракетин ар тараптан изилдеп, эксперт-адистердин, юристтердин, журналисттердин жана коомчулуктун пикирлерин талдап, талкууланып жаткан маселе боюнча тыянак чыгарган.

“Кошалиевдин журналисттик иши боюнча күнөө тага турган жагдайлар дээрлик жок экендигин, маселенин баары Курултай институтун Баш мыйзамга ылайык мыйзамдаштыруу Жогорку Кеңеште талкууланып жаткан мезгилде Элдик курултайдын Аксакалдар кеңешинин төрагасы катары ал тарабынан алынган интервьюлардын жарык көрүшү — абалды курчутууга себеп болгондугу, бул жагдай Элдик курултайдын тарыхый мааниси, коомдогу орду, элдин Курултайга болгон ишеничи өзгөчө экендиги менен түшүндүрүлөт”, — деп айтылат ал документте.

«Аталган корутундуда Кошалиевдин өз демилгеси боюнча Кыргызстандын экс-жетекчилери Акаев жана Бакиев менен болгон интервьюлары Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына, Элдик курултайдын регламентине каршы келбеси жана журналисттик эрежелерди сактоо менен уюштурулгандыгы; Элдик курултай — калыстыкты, адилеттикти, чындыкты туу туткан салттуу эл башкаруу институту катары өлкөнүн тагдырына түз тиешелүү орчундуу маселелерден кыйгап өтпөстөн, кайра талкуунун бутасына алууга милдеттүү болгондуктан, Кошалиевдин өлкөнү 10-15 жылдап башкарган адамдардын өз оозунан маалымат алуусу; кыргыз элинин абалтадан келе жаткан казына-мүлкүн иликтөө багытындагы иш-аракети, тарыхты тактоого кошкон журналисттик салымы болуп саналары; ошол эле мезгилде төрага катары өзүнүн иш-аракети жөнүндө Элдик курултайдын Аксакалдар кеңешинин мүчөлөрүнө убагында маалымдап койбогондугу анын кемчилиги болгондугу — адилет белгиленген.

Элдик курултай институтун коомдук-саясий системага өз ыйгарым укуктары менен киргизүү, мыйзамдаштыруу маселесинде Кошалиевдин көп жылдык эмгегин жана биринчи Элдик курултайдын регламентиндеги Курултайдын Аксакалдар кеңешинин төрагасын шайлоо жана кызматтан бошотуу тартиби жөнүндөгү 4-главадагы, төраганын ыйгарым-укуктары жөнүндөгү 5-главадагы талаптарды эске алып, жакында кабыл алынган “Элдик Курултай жөнүндө” мыйзамдын негизинде жаңы чакырылган курамдын иши башталганга чейин өзүнүн ыйгарым-укуктарын уланта берүүсү максатка ылайыктуу деген корутундуда айтылган сунуштар тийиштүү тараптарга расмий жөнөтүлдү. Жогоруда айтылган маалыматтардын негизинде Кошалиев бүгүн, 11-августтан Элдик Курултайдын Аксакалдар Кеңешинин төрагасы кызматын аткарууга киришкендигин кабарлайбыз», — деп айтылат маалыматта.

Буга чейин журналист Кадыр Кошалиев менен Курманбек Бакиев маектешкен видео жарыяланган. Ал эми УТРК Кадыр Кошалиевдин качкын президент Бакиевден алган чуулгандуу интервьюсу тууралуу билдирүү таратып, улуттук телеканал Курманбек Бакиев менен маек Кошалиевдин жеке демилгеси экенин, УТРКнын ага тиешеси жоктугун айткан.

Депутат Эльвира Сурабалдиева «качкын президенттен маек алган Кошалиевдин Курултайдын төрагасы болгонго укугу жок» деп чыккан. Ал эми президенттин маалымат кызматынын башчысы Дайырбек Орунбеков «Кошалиевдин тегерегиндеги талкууну саясатташтыруунун кереги жок деп эсептейбиз» деген эле.

БөлүшүүБөлүшүүTweetЖиберүүБөлүшүүБөлүшүү
Эдита Ильясова

Эдита Ильясова

Окшош

Депутат Бекешев: «Өзгөндөгү мектептерде ЖРТга ондой окуучу гана киргизилип жатат»

Депутат Бекешев: «Өзгөндөгү мектептерде ЖРТга ондой окуучу гана киргизилип жатат»

Автор СЕРЕП МЕДИА
12:14 05.03.2026
1

Депутат Дастан Бекешев Жалпы республикалык тестирлөөгө (ЖРТ) байланыштуу маселе көтөрдү. Ал жыйынтыктар мүмкүн болушунча ачык-айкын болуп, катышуучуларга өз убагында жеткирилиши...

Депутат Кокулов өзүнө карата соцтармактагы негатив боюнча үн катты

Депутат Кокулов өзүнө карата соцтармактагы негатив боюнча үн катты

Автор СЕРЕП МЕДИА
11:34 05.03.2026
0

Соцтармактарда депутат Эрулан Көкүлов менен Кайгуул милициянын маалымат бөлүмүнүн кызматкери Надырбек Жусуповдун диалогу делген аудио сүйлөшүү тарады. Бул тууралуу Спутник...

Депутатка жол эрежесин бузгандыгы үчүн айып пул салууга болобу?

Депутатка жол эрежесин бузгандыгы үчүн айып пул салууга болобу?

Автор СЕРЕП МЕДИА
10:57 05.03.2026
0

"Жогорку Кеңештин депутаты жол кыймылынын эрежелерин бузган учурда Укук бузуулар жөнүндө кодекстин негизинде жоопкерчиликке тартылат. Депутаттык кол тийбестик негизинен кылмыш...

Депутат Кокулов ИИМден анын катышуусундагы видео боюнча түшүндүрмө талап кылды

Депутат Кокулов ИИМден анын катышуусундагы видео боюнча түшүндүрмө талап кылды

Автор СЕРЕП МЕДИА
09:55 05.03.2026
0

Кечээ, 4-мартта Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Эрулан Кокулов Ички иштер министрлигинин өкүлдөрүнө суроо берди. Бул суроолор айдоочулар айрым жол эрежелерин...

Жол эрежесин бузган айдоочулардан ордунан дароо экзамен алууну көздөгөн мыйзам долбоору парламентте кызуу талкуу жаратты

Жол эрежесин бузган айдоочулардан ордунан дароо экзамен алууну көздөгөн мыйзам долбоору парламентте кызуу талкуу жаратты

Автор СЕРЕП МЕДИА
09:41 05.03.2026
0

Депутаттардын айрымдары киргизилип жаткан өзгөртүүлөр коррупцияга жол ачат деген жүйөө менен айдоочулар жолдон экзамен тапшыруусуна каршы пикирин айтты. Бирок мыйзам...

Комментарий кошуу Отменить ответ

Сиздин email дарек жашыруун бойдон калат. * - сөзсүз толтурулушу керек

  • Популярдуу
  • Комментарийлер
  • Жаңы
Депутат Кокулов өзүнө карата соцтармактагы негатив боюнча үн катты

Депутат Кокулов өзүнө карата соцтармактагы негатив боюнча үн катты

11:34 05.03.2026
Депутаттар арасындагы кырдаал жөнгө салынды

Депутаттар арасындагы кырдаал жөнгө салынды

13:04 05.03.2026
Депутат Кокулов ИИМден анын катышуусундагы видео боюнча түшүндүрмө талап кылды

Депутат Кокулов ИИМден анын катышуусундагы видео боюнча түшүндүрмө талап кылды

09:55 05.03.2026
Депутат Бекешев: «Өзгөндөгү мектептерде ЖРТга ондой окуучу гана киргизилип жатат»

Депутат Бекешев: "Өзгөндөгү мектептерде ЖРТга ондой окуучу гана киргизилип жатат"

1
Депутаттар арасындагы кырдаал жөнгө салынды

Депутаттар арасындагы кырдаал жөнгө салынды

1
Депутаттар арасындагы кырдаал жөнгө салынды

Депутаттар арасындагы кырдаал жөнгө салынды

13:04 05.03.2026
Депутат Бекешев: «Өзгөндөгү мектептерде ЖРТга ондой окуучу гана киргизилип жатат»

Депутат Бекешев: "Өзгөндөгү мектептерде ЖРТга ондой окуучу гана киргизилип жатат"

12:14 05.03.2026
Депутат Кокулов өзүнө карата соцтармактагы негатив боюнча үн катты

Депутат Кокулов өзүнө карата соцтармактагы негатив боюнча үн катты

11:34 05.03.2026

АРХИВ

Март 2026
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 1
2345678
9101112131415
16171819202122
23242526272829
3031  
« Фев    
Посмотреть на карте Бишкека
Найти проезд до СерепТВ , информационный портал

Биздин дарек:
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары.

Коёнкөзов көчөсү, 75

Кеӊсе
+996 (770) 88-29-00
info@serep.kg

Реклама бөлүмү
+996 (222) 88-29-29
reklama@serep.kg

Биз социалдык тармакта

Купуялык саясаты

©2021 СЕРЕП МЕДИА. Бардык укуктар корголгон.

No Result
Бардык жыйынтык
  • Кирүү
  • Каттоо
  • СерепТВ
    • ЖАҢЫЛЫКТАР
    • КООМ/ТАГДЫР
    • КЫЛМЫШ/КЫРСЫК
    • САЯСИЙ КОКТЕЙЛЬ
    • ШОУ-БИЗНЕС
    • МАДАНИЯТ
    • БийикТикте
    • ЖЫЛДЫЗ ТӨЛГӨ
    • ЖУБАЙЛАР ШОУ
    • ЖЫЛМАЙЫП КОЮӉУЗ
    • СПОРТ
    • АР ТҮРКҮН
    • ЖҮРӨК СЫРЫ
    • ЖЫЛАӉАЧ БААТЫР
    • СЕРИАЛДАР
    • ЭМГЕК ЖАРЧЫСЫ
  • КАБАРЛАР
    • САЯСАТ
    • КООМ
    • МАДАНИЯТ, ШОУ-БИЗНЕС
    • КЫЛМЫШ, КЫРСЫКТАР
    • СПОРТ
    • ТҮРКҮН ДҮЙНӨ
    • КОРЕЙ ТОЛКУНУ
    • ПАЙДАЛУУ КЕӉЕШТЕР
  • Жарнама
  • Байланыш

©2026 СЕРЕП МЕДИА. Бардык укуктар корголгон.

Кош келдиңиз!

Төмөндө сиздин эсебине кирүү

Сыр сөзүңүздү унуттуңузбу? Каттоо

Аккаунт түзүү

Катталуу үчүн төмөнкүлөрдү толтуруӊуз

Баарын толтуруӊуз. Кирүү

Retrieve your password

Please enter your username or email address to reset your password.

Кирүү