Кечээ, 3-июлда социалдык тармактарда блогерлердин бири аны жана анын эки курбу кызын Бишкектеги мейманканалардын биринде сабаганы тууралуу айтып, видеолорду жарыялаган.
Ошондой эле, ал өз сөзүндө аларга кол көтөргөн киши белгилүү бийчи Жан Воиновдун кайниси экенин окуя болгон учурда бийчинин аялы да болгонун, кийин бийчи дагы келгенин кошумчалаган.
Милиция маалымат таратып, бул иш боюнча бейбаштык жана карактоо беренеси менен кылмыш иши козголгонун, 1994-жылы туулган жаран кармалганын билдирген. Андан соң, бийчинин өзү да кармалганы маалым болду.
Коомдук ишмер, алып баруучу Ассоль Молдокматова окуя боюнча үн катты.
«Көп жылдан бери коомдо болгон көйгөйлөрдү айтып, балдарды, аялдарды коргоп келем. Болгон окуя катуу тийди, азыр мага оор болуп жатат. Учурда тергөө жүрүүдө, анын жыйынтыгын күтөлү. Акыйкат чечим чыгат деп күтөм. Бул менин балдарым, мен аларды жакшы көрөм, Зарина өз кызымдай, неберелеримдин апасы. Чоң кишилер жасаганына өздөрү жооп бериши керек. Мен дайыма акыйкат тараптамын«, — деген Молдокматова.
Посмотреть эту публикацию в Instagram