Жума, 17.04.2026
Бишкек booked.net
+19...+31° C
  • Жарнама
  • Байланыш
 SerepKG
Биз социалдык тармакта
  • СерепТВ
    • ЖАҢЫЛЫКТАР
    • САЯСИЙ КОКТЕЙЛЬ
    • КООМ/ТАГДЫР
    • КЫЛМЫШ/КЫРСЫК
    • ШОУ-БИЗНЕС
    • МАДАНИЯТ
    • БийикТикте
    • ЖЫЛДЫЗ ТӨЛГӨ
    • ЖУБАЙЛАР ШОУ
    • ЖҮРӨК СЫРЫ
    • ЖЫЛАӉАЧ БААТЫР
    • СПОРТ
    • ЖЫЛМАЙЫП КОЮӉУЗ
    • АР ТҮРКҮН
    • ЭМГЕК ЖАРЧЫСЫ
    • СЕРИАЛДАР
  • КАБАРЛАР
    • САЯСАТ
    • КООМ
    • МАДАНИЯТ, ШОУ-БИЗНЕС
    • КЫЛМЫШ, КЫРСЫКТАР
    • СПОРТ
    • ТҮРКҮН ДҮЙНӨ
    • КОРЕЙ ТОЛКУНУ
    • ПАЙДАЛУУ КЕӉЕШТЕР
No Result
Бардык жыйынтык
  • Кирүү
  • Каттоо
 SerepKG
  • СерепТВ
    • ЖАҢЫЛЫКТАР
    • САЯСИЙ КОКТЕЙЛЬ
    • КООМ/ТАГДЫР
    • КЫЛМЫШ/КЫРСЫК
    • ШОУ-БИЗНЕС
    • МАДАНИЯТ
    • БийикТикте
    • ЖЫЛДЫЗ ТӨЛГӨ
    • ЖУБАЙЛАР ШОУ
    • ЖҮРӨК СЫРЫ
    • ЖЫЛАӉАЧ БААТЫР
    • СПОРТ
    • ЖЫЛМАЙЫП КОЮӉУЗ
    • АР ТҮРКҮН
    • ЭМГЕК ЖАРЧЫСЫ
    • СЕРИАЛДАР
  • КАБАРЛАР
    • САЯСАТ
    • КООМ
    • МАДАНИЯТ, ШОУ-БИЗНЕС
    • КЫЛМЫШ, КЫРСЫКТАР
    • СПОРТ
    • ТҮРКҮН ДҮЙНӨ
    • КОРЕЙ ТОЛКУНУ
    • ПАЙДАЛУУ КЕӉЕШТЕР
No Result
Бардык жыйынтык
  • Кирүү
  • Каттоо
 SerepKG
No Result
Бардык жыйынтык
Башкы бет КАБАРЛАР КООМ

«Ноокат жолу бат эле бузулуп калды». Министр Текебаев түшүндүрмө таратты

15:41 09.09.2023
0
«Ноокат жолу бат эле бузулуп калды». Министр Текебаев түшүндүрмө таратты

«Ош облусуна болгон иш сапарымдын алкагында Ош-Баткен-Раззаков унаа жолунун абалы менен таанышып, ыкчам жыйын өткөрдүм». Бул тууралуу транспорт министри Тилек Текебаев соцтармактагы баракчасына жазып, Ноокаттын жолу тууралуу түшүндүрмө таратты.

«2016-жылдан бери убада берилип, бирок жасалбай келген Ноокат жолун калыбына келтирүү иштери 2023-жылдын март айында башталган. Бул жол өлкө жетекчилигинин тапшырмасы менен казынадан каралган каражатка “Кыргызавтожол” мамлекеттик ишканасы тарабынан оңдолуп, жумуштар эки тилкеде (Ош-Баткен-Раззаков унаа жолунун 27+960 – 34+400 жана 40+350 – 46+910 чакырым аралыгында) жүргөн. Жер иштери жасалып, жол куруу нормаларын так сактоо менен иш ыргагы өз нугунда жүрүп, сентябрь айына чейин жалпы 13 чакырым жолго 9 сантиметр калыңдыктагы асфальт басылган.

Жаңы келген 265 техниканын бир бөлүгү биринчи кезекте Ош-Баткен-Раззаков жолуна жеткирилип, атайын алынып келинген унаалар иш ыргагын кыйла ыкчамдатканын белгилеп кетүү керек. Айта кетчү жагдай, аталган жолдогу аткарылган жумуштар иш ушу менен толук токтоду дегенди билдирбейт. Эки тилкеде каралган көпүрөлөрдүн курулушу, жол четине лотокторду орнотуу, тротуар салуу, жарыктандыру сыңдуу жумуштар буга чейин белгиленген планга ылайык уланат.

Алдыда эл аралык макамга ээ болгон бул жолдун интенсивдүүлүгүн эске алып, жүк көтөрүмдүүлүгүн жогорулатуу максатында дагы 6 сантимтер калыңдыктагы асфальт (ШМА) төшөлөт. Бул иштер жеринде курулган асфальт-бетон заводу жана жаңы технология менен жасалат.

Ал эми толук аягында чыга элек жолдон кыйкым издеп жаткандарга кыскача түшүндүрмө берүүнү туура көрдүм. “Биринчи катмары басылып, бүтө элек жолго жол сызыктарын чийип салышты” дегендерге айта кетсем, быйыл Кыргызстандын Эгемендүүлүк күнү менен Насирдин Исановдун 80 жылдыгы Ошто белгиленди. Баарыбыз билгендей, Насирдин Исановдун кичи мекени – Ноокат району. Мындан улам мааракеге көп коноктор чогулду. Ага байланыштуу биринчи катмары бүткөн жолго элдин коопсуздугу үчүн убактылуу жол белгилери чийилди. Ал жөн эле краска, жолдун белгилерин чийген краска ал башка болот. Ал эми жолдун кичинекей бөлүгүн тасмага тартып алып, бат эле бузулуп калды деген жарандарыбызга да түшүндүрмө бере кетсем. Жасалып жаткан жолдо пайда болгон майда кемчиликтер бул кадыресе көрүнүш. Жол салуу үчүн түзүлгөн келишимде кемчиликтерди аныктоо, аны оңдоо үчүн атайын деффекттик мезгил каралган (деффектный период). Аныкталган кемчиликтер подрядчы тарабынан жасалат. Ошондой эле жол колдонууга берилгенден кийин дагы кепилдик мөөнөтү болот. Бул мыйзамда да белгиленген. Ошондой эле, видеого тартып, туура эмес пикир жаратып жаткандардын арасында курулуш башталганда “бизге тендерди бер, биздин асфальт заводдон сатып алгыла” дегендер бар.

Андыктан айрым жарандарды жеке кызыкчылыкты көздөп, элдин оюн бурмалап, туура эмес маалымат таратуудан алыс болууга чакырып кетет элем. Ар бир ишти этап-этабы менен көрсөтүлгөн мөөнөттө бүтүрүп, колдонууга берүү министрликтин түздөн-түз милдети», — деп жазды министр.

БөлүшүүБөлүшүүTweetЖиберүүБөлүшүүБөлүшүү
СЕРЕП МЕДИА

СЕРЕП МЕДИА

Окшош

Төө-Ашуу жана Өтмөктө кар жаап жатат

Төө-Ашуу жана Өтмөктө кар жаап жатат

Автор СЕРЕП МЕДИА
16:49 16.04.2026
0

Аба ырайынын кескин өзгөрүшүнө байланыштуу 15-апрелден 19-апрелге чейин жаан-чачын күтүлүп, абанын температурасы жогорулайт. Кыргызстандын тоолуу райондорунда кар көчкү түшүү коркунучу...

Президенттин Ошко иш сапары жыйынтыкталды: жарандардын кайрылуулары көз жаздымда калбайт

Президенттин Ошко иш сапары жыйынтыкталды: жарандардын кайрылуулары көз жаздымда калбайт

Автор СЕРЕП МЕДИА
14:40 16.04.2026
0

Президент Садыр Жапаровдун Ош облусуна болгон иш сапары жыйынтыкталды. Өлкө башчысы Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Аманкан Кенжебаев менен биргеликте...

Бишкекте ысык суу эмне үчүн жай мезгилинде эмес, эрте өчүрүлдү? Мэриянын маалыматы

Бишкекте ысык суу эмне үчүн жай мезгилинде эмес, эрте өчүрүлдү? Мэриянын маалыматы

Автор СЕРЕП МЕДИА
09:52 16.04.2026
0

Кечээ, 15-апрелде Бишкек шаарынын ЖЭБнин базасында Бишкек шаарынын мэри Айбек Жунушалиевдин жана Бишкек шаардык кеңешинин төрагасы Бекжан Үсөналиевдин төрагалыгы алдында...

Кыргызстан – Кытай – Өзбекстан темир жолунда тоннелдерди казуу иштери жүрүп жатат

Кыргызстан – Кытай – Өзбекстан темир жолунда тоннелдерди казуу иштери жүрүп жатат

Автор СЕРЕП МЕДИА
11:04 15.04.2026
0

Кыргызстан – Кытай – Өзбекстан темир жолунун курулушу боюнча: учурда тоннелдерди казуу жана инфраструктураны даярдоо иштери жүрүүдө. Инфраструктура жаатында: убактылуу...

Кожомкул атындагы Спорт сарайында жаңы бассейн курулат

Кожомкул атындагы Спорт сарайында жаңы бассейн курулат

Автор СЕРЕП МЕДИА
09:40 15.04.2026
0

Көчмө жыйындын алкагында калаа башчысы Кожомкул атындагы Спорт сарайынын аймагындагы демонтаж иштерин көрүп чыкты. Бул жерде жаңы бассейн куруу пландалууда....

Комментарий кошуу Отменить ответ

Сиздин email дарек жашыруун бойдон калат. * - сөзсүз толтурулушу керек

  • Популярдуу
  • Комментарийлер
  • Жаңы
КФБ президентинин кызматына талапкерлер көрсөтүлбөгөндүктөн, шайлоо өткөрүлгөн жок

Ташиев: "Эки жыл иштеп, өзүмө айлык же сый акы катары бир сом акча алган жокмун"

11:49 16.04.2026
Бишкекте ысык суу эмне үчүн жай мезгилинде эмес, эрте өчүрүлдү? Мэриянын маалыматы

Бишкекте ысык суу эмне үчүн жай мезгилинде эмес, эрте өчүрүлдү? Мэриянын маалыматы

09:52 16.04.2026
Маматалиев тажикстандык спортчуларды Кыргызстанда өтө турган VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюнуна чакырды

Маматалиев тажикстандык спортчуларды Кыргызстанда өтө турган VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюнуна чакырды

15:08 16.04.2026
Президент: «Ноокатта 5 жылда 123 чакырым жолго асфальт басылыптыр. Дагы 91 чакырым жолдун оңдоп-түзөө иштери башталат»

Президент: "Ноокатта 5 жылда 123 чакырым жолго асфальт басылыптыр. Дагы 91 чакырым жолдун оңдоп-түзөө иштери башталат"

1
Төө-Ашуу жана Өтмөктө кар жаап жатат

Төө-Ашуу жана Өтмөктө кар жаап жатат

16:49 16.04.2026
БШК №21 шайлоо округу боюнча Мирлан Жээнчороевди Жогорку Кеӊештин шайланган депутаты деп тааныды

БШК №21 шайлоо округу боюнча Мирлан Жээнчороевди Жогорку Кеӊештин шайланган депутаты деп тааныды

16:44 16.04.2026
Маматалиев тажикстандык спортчуларды Кыргызстанда өтө турган VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюнуна чакырды

Маматалиев тажикстандык спортчуларды Кыргызстанда өтө турган VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюнуна чакырды

15:08 16.04.2026

АРХИВ

Апрель 2026
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12345
6789101112
13141516171819
20212223242526
27282930  
« Мар    
Посмотреть на карте Бишкека
Найти проезд до СерепТВ , информационный портал

Биздин дарек:
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары.

Коёнкөзов көчөсү, 75

Кеӊсе
+996 (770) 88-29-00
info@serep.kg

Реклама бөлүмү
+996 (220) 88-29-29
+996 (222) 88-29-29
reklama@serep.kg

Биз социалдык тармакта

Купуялык саясаты

©2021 СЕРЕП МЕДИА. Бардык укуктар корголгон.

No Result
Бардык жыйынтык
  • Кирүү
  • Каттоо
  • СерепТВ
    • ЖАҢЫЛЫКТАР
    • КООМ/ТАГДЫР
    • КЫЛМЫШ/КЫРСЫК
    • САЯСИЙ КОКТЕЙЛЬ
    • ШОУ-БИЗНЕС
    • МАДАНИЯТ
    • БийикТикте
    • ЖЫЛДЫЗ ТӨЛГӨ
    • ЖУБАЙЛАР ШОУ
    • ЖЫЛМАЙЫП КОЮӉУЗ
    • СПОРТ
    • АР ТҮРКҮН
    • ЖҮРӨК СЫРЫ
    • ЖЫЛАӉАЧ БААТЫР
    • СЕРИАЛДАР
    • ЭМГЕК ЖАРЧЫСЫ
  • КАБАРЛАР
    • САЯСАТ
    • КООМ
    • МАДАНИЯТ, ШОУ-БИЗНЕС
    • КЫЛМЫШ, КЫРСЫКТАР
    • СПОРТ
    • ТҮРКҮН ДҮЙНӨ
    • КОРЕЙ ТОЛКУНУ
    • ПАЙДАЛУУ КЕӉЕШТЕР
  • Жарнама
  • Байланыш

©2026 СЕРЕП МЕДИА. Бардык укуктар корголгон.

Кош келдиңиз!

Төмөндө сиздин эсебине кирүү

Сыр сөзүңүздү унуттуңузбу? Каттоо

Аккаунт түзүү

Катталуу үчүн төмөнкүлөрдү толтуруӊуз

Баарын толтуруӊуз. Кирүү

Retrieve your password

Please enter your username or email address to reset your password.

Кирүү