Ошто батирдин эшиги бекилип, ичинде 8 жаштагы бала калып калган. Бул тууралуу ӨКМден билдиришти.
Ош облусунун Анар кичи районунда жайгашкан 5 кабаттуу үйдүн 3-кабатында жайгашкан батирдин ичинде 8 жаштагы бала эшиги бекилип калып, жалгыз калганы тууралуу маалымат түшкөн. Жерине куткаруу кызматынан 4 куткаруучу тартылып, 5 кабаттуу турак үйдүн чатырынан 3-кабатка атайын шаймандар менен түшүп, батирдин терезеси аркылуу кирип, эшикти ичинен ачып беришкен. Бала жабыркаган эмес. Куткаруучулар баланын ата-энеси менен профилактикалык маек куруп, кароосуз калтырбоого чакырышкан.