Министрлер кабинетинин төрагасы — Айыл чарба министри Бакыт Төрөбаев сугат сууга болгон тариф боюнча түшүндүрмө берди.
Анын айтымында, Кыргызстанда жалпысынан 28 миң чакырым суу каналы бар. Анын ичинен 6 миң чакырым чарба аралык канал Суу чарба башкармалыктарына карайт, аны министрликке караштуу Суу кызматы көзөмөлдөйт. Калган 22 миң чакырым ички чарбалык каналдарды Суу пайдалануучулар ассоциациялары тейлейт.
«Биздин эсептөөлөргө ылайык, сугат сууга болгон төлөмдөрдөн Кыргызстан боюнча жыл сайын болжолдуу түрдө 1-1,5 миллиард сомго чейин каражат чогултулат. Бирок бул каражаттар кайда, кандайча жумшалып жатканы белгисиз. Топтолгон каражаттар максаттуу сарпталганбы деген чоң суроолор бар? Ушуга байланыштуу, министрлик ошол 1-1,5 миллиард акча каражаты элдин муктаждыктарын чечүүгө, каналдарды оңдоого, жаңысын курууга, модернизация кылууга жумшалышы керек деген максат менен реформаларды баштады.
Айталы, Суу пайдалануучу ассоциациясы дыйкандар менен кандай негизде иштешкен? Биринчиден келишимдери болгон эмес. Аймактарга жараша ар кандай төлөм коюп алышкан. Бир гектарга сугат мезгилинде 1000-1500 сомдон, 2000-5000, айрым учурда өсүмдүктөргө жараша 10 000-15 000 сомго чейин төлөнгөнү боюнча маалыматтар бар. Бирок жетиштүү көлөмдө суу берилгенин эч ким билбейт. Эми болсо министрлик аянтка жана иш жүзүндө берилген суунун көлөмүнө жараша расмий тарифти бекитти. Кыргызстан боюнча 15 райондо сууну жеткирүү катаал, калган райондордо ыңгайлуу. Ошондуктан министрлик эки тарифти киргизди. Катаал шарттагы райондорго бир гектарга 250 сом, шарты жакшы, суусу ыңгайлуу райондорго 500 сом тариф койулду. Эң маанилүүсү министрлик суунун көлөмү үчүн жоопкерчиликти өз мойнуна алып жатат.
Эми Суу пайдалануучулар ассоциациясы сыяктуу эркин аракеттерге жол берилбейт. Мисалы, дан эгиндерин өстүрүү үчүн 1 гектар жерге орточо 1100 куб метр суу талап кылынат. Бул сугат мезгилине болгон норма. Суу пайдалануучулар ассоциациясы ушул нормада сууну жеткирип бере алдыбы? Жок. Министрлик сугат суу менен камсыз кылабыз деп ачык айтып жатат. Айталы, 4 саатта 75 литр/секундасына берилсе, 1080 метр куб сууну бир гектарга берсе болот. Эгерде 8 саатта 100 литр/секундасына берилсе, анда 2880 метр куб жеткизүү мүмкүнчүлүгү бар.
Ошондо 500 сом болот. Эгер 2 саатта 75 литр/секундасына суу берилсе, анда 540 метр куб болуп, нормага жетпей калса, анда дыйкан 500 сом эмес, 250 сом гана төлөйт. Көлөмгө жеткириш үчүн дагы кийин 2 саатта 75 литр/секундасына суу берилип, 540 метр куб болуп нормага жетет. Эки жолу сугаруу аркылуу тиешелүү көлөм берилет. Ошондо гана жалпы бир жолку сугат суусу деп эсептелип 500 сом төлөнөт.
Тактап айтканда, эки жолу сугаруу менен бир көлөмдүн акысы төлөнөт. Натыйжада, мамлекет тарифтерден түшкөн каражаттарды ички сугат каналдарын казууга, ар кандай айыл чарба техникаларын сатып алууга жана мураптардын айыл маянасын көтөрүүгө жумшайт»,- деп айтылат маалыматта.