Кароосуз калган үйдүн сарайынан өспүрүмдүн жансыз денеси табылганын бүгүн, 1-октябрда Чүй облустук ички иштер башкы башкармалыгынын басма сөз кызматы билдирди.
30-сентябрь күнү саат 20:45те Ысык-Ата районунун Горная Серафимовка айылында борбор калаанын 2008-жылы туулган тургуну асылган абалда табылганы тууралуу маалымат түшкөн.
Окуя болгон жерде ыкчам-тергөө тобу иш алып барган. Бул факты катталып, тергөөгө чейинки текшерүү иштери башталган.