Соцтармактын колдонуучусу Ысык-Көлгө жол тартып, трагедиялуу окуяга кабылып кала жаздаганын жазып чыккан.
Окуя боюнча милициядан маалымат беришип, кызмат өтөп жаткан милиция кызматкерлери жол жээгинде жүрүп, күтүүсүздөн унаа жолуна чуркап чыккан жаш баланы байкап калышканын билдирди.
Жол тескөөчүлөр кичинекей кызды ата-энесине аман-эсен өткөрүп беришип, түшүндүрүү иштерин жүргүзүштү. Жайкы мезгилде балдардын коопсуздугун камсыздоо, ата-энелердин жоопкерчилигин жогорулатуу жана жол коопсуздугун сактоо боюнча иш-чаралар улантылууда.
Посмотреть эту публикацию в Instagram