Бүгүн, 29-июль күнү Чүй облусунун Аламүдүн районундагы Молдовановка айылындагы №27- түзөтүү мекемесинде жоокер атынып каза болгонун Жазаларды аткаруу кызматы маалымдаган. Маркум жоокердин агасы акыркы 3 күн мурун иниси менен байланышып сүйлөшкөнүн СЕРЕП МЕДИА маалымат агенттигине айтып берди.
-Биз Ысык-Көл облусунун Ак-Суу районуна караштуу айыл өкмөтүнөн болобуз. Иним 2003-жылы туулган, апрель айында кызмат өтөөгө келген болчу. Мен 3 күн мурун сүйлөшкөм. Экөөбүз жакшы маанайда баарлашканбыз, сөздөрүнөн шектүү эч нерсени байкаган эмесмин. Азыр биз окуя болгон жерде жүрөбүз. Инимди көрө элекмин, окуя кандай болгонун да тактап сурай алган жокмун. Анын атынып алды делген жерин көрсөтүштү. Айланада эч кандай камера жок экен. Бир аздан кийин №4 Бишкек шаардык клиникалык ооруканага экспертизага барабыз. Ал жактан сөөктү алып, кечке жуук Ысык-Көлгө алып кетебиз», — дейт агасы.
Ушунтип отурса эч ким армияга барбай калатго
Жапжаш балдардын омуру кыйылып жатат.Бийлик башында тургандан не болду,кантип атынды, деп басып барып сурашкан жок.Адамдын омуру иттин эле олуму болуп калды гоо!
Артында канчалаган аламдар сыздап калды.
Ким кылса дагы оз жазасын алып Кери башы менен жооп берсин.
Кыргыз эле жалпы которулуш кылып талап кылыш керек окшойт да……