АКШдан Кыргызстанга баңгизат аткезчилигине шектелген жаран экстрадицияланды
Ички иштер министрлигинин Баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү кызматынын кызматкерлери АКШнын Баңгизаттарга каршы күрөшүү башкармалыгынын (DEA) көмөгү жана Кыргыз Республикасынын ИИМдин Интерполдун Улуттук борбордук бюросунун катышуусу менен баңгизат каражаттарын жана психотроптук заттарды АКШдан Кыргызстанга ташып келүүнү уюштурууга шектелген Кыргызстандын жаранын экстрадициялашты.
Жүргүзүлгөн ыкчам-издөө иш-чараларынын жүрүшүндө укук коргоо органдары тарабынан Америка Кошмо Штаттарынан Кыргыз Республикасына баңгизат каражаттарын жана психотроптук заттарды мыйзамсыз ташып кирип, андан ары сатууга багытталган схема аныкталган. Алдын ала маалыматтар боюнча, бул мыйзамсыз ишмердүүлүккө уюшкан баңги тобунун мүчөлөрү да катышкан.
2024-жылдын башында АКШнын аймагында убактылуу жашап жүргөн Х.Т. аттуу жаран жеке кызыкчылыгын көздөп, баңгизат каражаттарын жана психотроптук заттарды Кыргыз Республикасына аткезчилик жолу менен жеткирүү каналын уюштурганы аныкталган. Иштин материалдарына ылайык, Х.Т. АКШнын аймагынан кургатылган марихуана гүлдөрүн, ошондой эле психотроптук заттарды сатып алып, аларды ар кандай эл керектөөчү товарлардын ичине жашырып, тааныштарынын атына таризделген эл аралык почта жөнөтмөлөрү аркылуу Кыргызстанга жөнөтүп турган. Кийинчерээк аталган почта жөнөтмөлөрүн алуучулар үчүнчү жактарды тартуу менен баңгизат каражаттарын Бишкек шаарынын жана Чүй облусунун аймагында мыйзамсыз сатуу иштерин уюштурушкан.
Натыйжада АКШдан Кыргызстанга баңгизат каражаттарын жана психотроптук заттарды аткезчилик жолу менен ташып келип, өлкө аймагында сатууну көздөгөн трансулуттук мыйзамсыз жүгүртүү схемасы аныкталган. Учурда аталган факты боюнча кылмыш ишинин алкагында мыйзамсыз аракеттерге тиешеси бар бардык адамдарды аныктоо жана иштин башка жагдайларын тактоо максатында зарыл болгон тергөө амалдары жүргүзүлүүдө.
ИИМдин Баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү кызматы чет мамлекеттердин компетенттүү органдары менен өз ара кызматташтыкта эл аралык баңги трафигинин каналдарын аныктоо жана бөгөт коюу боюнча иштерди улантууда.