Бишкекте тыюу салынган диний уюмдун активдүү мүчөсүн кармады. Бул тууралуу Бишкек ШИИБдин басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, өлкө аймагында тыюу салынган «Хизб ут-Тахрир» уюмунун активдүү мүчөсү 1983-жылы туулган Ж.А. аттуу шектүү кармалган. Анын жашаган жерин тинтүү учурунда экстремисттик мүнөздөгү материалдар жана документтер табылып, алынган.
Бул факт боюнча Биринчи май РИИБ Кылмыш-жаза кодексинин 332-беренесине (экстремисттик материалдарды даярдоо жана таратуу) ылайык кылмыш иши козголгон. Учурда бардык керектүү экспертизалар дайындалып, Тергөө иштери улантылууда