Бишкекте Октябрь РИИБдин кызматкери зордуктоого шектелип, убактылуу кармоочу жайга киргизилди. Учурда, окуянын толук жагдайы боюнча териштирүү иштери улантылууда жана тиешелүү экспертизалар дайындалган. Бул тууралуу Бишкек ШИИБдин басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, 6-февраль күнү Бишкек ШИИБге 2001-жылы туулган С.Э., аттуу жаран арыз менен кайрылып, 5-февраль күнү болжол менен саат 19:30 чамасында Бишкек шаарынын Сары-Өзөн көчөсүндө жайгашкан мейманканалардын биринен белгисиз адам коркутуп, эркине каршы күч колдонуп, зордуктаганын билдирген.
Аталган факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 154-беренесине ылайык кылмыш иши козголуп, шектүү, милициянын лейтенанты К.У.,аттуу кызматкери экендиги аныкталган. Ал Бишкек ШИИБдин убактылуу кармоочу жайына киргизилди.