Бишкекте өзүн УКМКнын жана Улуттук банктын кызматкери деп тааныштырып, 825 миң сом акчасын которуп алган шектүү кармалды. Бул тууралуу Свердлов РИИБдин басма сөз кызматы билдирди.
2024-жылдын 17-октябрында Бишкек шаарынын Свердлов РИИБге М.Т. аттуу жаран кайрылган. Ага белгисиз адамдар телефон аркылуу өзүлөрүн УКМКнын жана Улуттук банктын кызматкерлерибиз деп тааныштырып жана алдоо жолу менен ишеничине киришип, 825 миң сом акчасын котортуп алгандыгы тууралуу билдирген. Аталган факты боюнча алдамчылык беренеси менен кылмыш иши козголгон.
Бишкек шаарынын Свердлов РИИБдин ыкчам кызматкерлери тарабынан кылмышка шектүү 2002-жылы туулган А.Х. аттуу жаран кармалган. Шектүү Бишкек ШИИББнин убактылуу кармоочу жайына киргизилди.