Ошто түнкү клубда коомдук тартипти бузушкандар тергөө кызматына камсыз болушту
Кечээ, 19-сентябрь күнү саат 21:00 чамасында социалдык тармакта Ош шаарынын А.Масалиев көчөсүндө жайгашкан “03222” түнкү клубунун алдында коомдук тартипти бузушуп, мушташып жаткан жаштардын видеосу тараган. Аталган маалымат Ош ШИИБдин Ак-Буура МБнүн маалыматтардын электрондук журналына катталып, тергөөгө чейинки өндүрүш иши башталган.
Ош ШИИБдин Ак-Буура милиция бөлүмүнүн ыкчам кызматкерлери бул окуянын бардык катышуучуларын аныктап, түнү менен тергөө кызматына камсыз кылышты. Тергөө кызматына окуянын катышуучуларынын берген маалыматына караганда, аталган түнку клубга, күндүзү саат 17:00 чамасында Кара-Суу районунун Ак-Таш айылынан жана Кара-Кулжа районунун 1-Май айылынан жаштар той алдындагы фуршетке келишкен. Эки башка фуршетке келишкен тараптардын ортосунда келишпестик болуп, натыйжада уруша кетишкен.
Кармалгандар:
1. Ж.А., 2003-жылы туулган, Ош шаарынын тургуну. Эч жерде иштебейт.
1. Ж.А., 2003-жылы туулган, Ош шаарынын тургуну. Эч жерде иштебейт.
2. С.А., Кара-Суу районунун Баш булак айылынын 2004-жылы туулган тургуну.
3. Р.уулу И., 2004-жылы туулган, Ош шаарынын тургуну.
4. Т.А., Ноокат районунун Кыргыз-Ата айылынын 2005-жылы туулган тургуну.
5. Э. уулу Ж., Ош шаарынын 2004-жылы туулган тургуну.
6. А.Ш. 2008-жылы туулган Кара-Суу районунун Ак-Таш айылынгын тургуну.
7. И.Д., Ош шаарынын 2006-жылы туулган, Кара-Суу районунун Ак-Таш айылынын тургуну.
Ошондой эле бул окуяга катыштыгы бар жарандардын бири , 2004-жылы туулган Э.уулу Н. денесинен жараат алып Ош облустук ооруканасына кайрылгандыгы аныкталган.
Алынган маалымат боюнча тергөө ыкчам тобу окуя болгон жерге чыгып тийиштүү маалыматтар топтолгон. Ош ШИИБдин Ак-Буура милиция бөлүмүнүн тергөө кызматы окуя боюнча тергөөгө чейинки текшерүү иштерин жүргүзүп жатат. Окуяга тиешелүү атуулдардын бардыгы аныкталып, алардын кыймыл аракетине юридикалык баа берилет.