УКМК Бишкек шаарынын Ленин райондук сотунун судьясы А.М.А.нын пара алуу фактысын аныктаган. Ал ортомчу болгон М.С.А. аттуу адвокат аркылуу каралып жаткан жарандык иш боюнча оң чечим кабыл алгандыгы үчүн пара түрүндө 22 миң доллар суммасында акча каражатын алган. Бул тууралуу УКМКдан билдиришти.
Башкы прокурор Ленин райондук сотунун судьясына жана адвокатка карата Кылмыш-жаза кодексинин «Жооптуу кызмат адамы тарабынан ири өлчөмдө пара алуу» беренеси боюнча кылмыш ишин козгогон. Ыкчам-иликтөө иш-чараларынын натыйжасында коррупциялык схеманын бардык катышуучулары күнөөсүн мойнуна алышкан.
13-февралда Судьялар кеңешинин, Бишкек шаарынын Биринчи Май райондук сотунун чечими менен шектүү А.М.А. УКМКнын тергөө абагына киргизилди. Азыркы учурда жогоруда аталган фактыларды документтештирүүгө, ошондой эле судья А.М.А.нын жана башка адамдардын ушундай эле кылмыш иштерин аныктоого багытталган тиешелүү ыкчам-тергөө иш-чараларын жүргүзүү улантылууда.