Бишкек шаарынын Алма-Ата көчөсүндө жайгашкан техникалык тейлөө борборунда өрт чыкты. Бул тууралуу ӨКМден билдиришти.
Өрттү өчүрүүгө саат 14:15те Свердлов райондук №3 өрт-куткаруу бөлүгүнөн 1 бөлүм, кошумча саат 14:25те №2 өрт-куткаруу бөлүгүнөн 1 бөлүм жана 14:38де дагы 1 бөлүм тартылып, жалпы 3 күжүрмөн эсеп жеринде ыкчам иш аракеттерин жүргүзүүдө.