Чүй облусунун ИИББинин басма сөз кызматынын маалыматына караганда, 28-октябрда алдамчылыкка шектелген аял кармалды. Блогер Instagram баракчасында Токмок шаарынын тургуну жарандарды алдап келгенин айтып чыккан.
Анын айтымында, ал «улуттук ыкмадагы дарылоо» деп ишеним жараткан элдик дарыгер жарандардан акча алып, кээ бир учурларда алардын атына насыяларды да өз алдынча тариздеп, каражатты өз пайдасына колдонгон. Бул факты боюнча териштирүү иши башталып, анын жүрүшүндө токмоктук аял жергиликтүү тургундардан ар кандай шылтоолор менен акча алып жүргөнү аныкталган.
Милицияга жабыркаган аял арыз менен кайрылган. Анын айтымында, 2024-жылдын февраль айынан октябрына чейин ал бул «дарыгерге» 1 миллион 500 миң сом берген. Бул факт Жазык кодексинин 209-беренеси («Алдамчылык») боюнча катталды. Милиция кызматкерлери 1984-жылы туулган шектүү М.Э. аттуу аялды кармашкан. Сот аны камакка алуу чечимин чыгарды.
Милиция шектүүнүн аракеттеринен жабыркагандар же кандайдыр бир маалыматы бар жарандарды төмөнкү телефон номерлери аркылуу кабарлоону суранат:
📞 0 (312) 60-73-63, 0 (701) 15-35-12.










