Акыйкатчы Жамиля Жаманбаева үй-бүлөлүк зомбулуктан жабыркаган аялдын ишин жеке көзөмөлүнө алды.
Жамиля Жаманбаева 38 жаштагы К.У. аттуу аялдын аёосуз сабалганы тууралуу маалымат социалдык тармактарга чыгаар замат көңүл бурган. Маалымат коомчулукка жарыялангандын эртеси күнү Акыйкатчы жабыркаган аялды жеке кабыл алуусуна чакырды. Жолугушууда ал азыркыга чейин дарыланып жатканын билдирди.
Жакынкы күндөрү ага Улуттук госпиталдын жаак-бет хирургия бөлүмүндө кайра операция жасалары күтүлүүдө. Жабырлануучунун айтымында, окуя 2025-жылдын 8-мартына караган түнү болгон. Үч жыл чогуу жашаган жигити чыр-чатак учурунда аны мыкаачылык менен сабаган.
“Эки күн үйдө жалгыз, жардамсыз жаттым. Көзүмдү ача албай калгам. Балдарым ошол күнү таенесиникине кеткен болчу. Эки күндөн кийин курбума чалсам, ал Тез жардам чакырып берди”, — деген аял.
Улуттук госпиталдын ыкчам медициналык жардам бөлүмүнүн дарыгерлеринин маалыматына ылайык, ал келген учурда баш мээси чайкалган, бетинде гематомалар жана жаракаттар болгон. Компьютердик томография жана рентгендин жыйынтыгында мурду, тиши жана бетинин сол тарабындагы сөөк үч жерден сынганы аныкталган. Ошондой эле эки көзү жабыркаган.
Эртеси күнү жигитинин туугандарынын басымы менен Ленин райондук ички иштер бөлүмүнө жазган арызын кайтарып алган. Акыркы эки жарым айдан бери иштей албай, дарыланып жүрөт. 9 жана 7 жаштагы балдарын жалгыз багып келет.
Акыйкатчы жабыркаган аялга юридикалык кеңеш берип, анын укуктарын коргоодо жардам берүүгө даяр экенин билдирди.
Аял кайрадан Ленин РИИБге арыз жазып, бул жолу укугун коргоого даяр экенин билдирди. Акыйкатчы Башкы прокуратурага кат жөнөтүп, кылмыш ишин объективдүү иликтөөнү көзөмөлгө алууну өтүндү.