Жүрөк хирургиясы жана органдарды трансплантациялоо илимий-изилдөө институтундагы кечээки өрттөн кийин кылмыш иши козголду. Бул тууралуу Биринчи май РИИБдин басма сөз кызматы билдирди.
Кечээ, 11-февралда саат 21.00дөр чамасында ооруканада чыккан өрт 23.15те өчүрүлгөн. Өрттөн эки бала каза болуп, 260 адам эвакуацияланган.
Милиция түшүндүргөндөй, аталган факты боюнча кылмыш-жаза кодексинин «Өрт коопсуздук эрежелерин бузуу» беренеси менен иш козголду. Бардык керектүү экспертизалар дайындалган.