Эне жана баланы коргоо улуттук борборунун кызматкерлери тарабынан опузалап акча талап кылуу фактысы аныкталды. Бул тууралуу УКМКдан билдиришти.
УКМК тарабынан саламаттыкты сактоо тармагындагы коррупциялык көрүнүштөргө бөгөт коюу боюнча жүргүзүлүп жаткан иш-чаралардын жүрүшүндө Бишкек шаарындагы Эне жана баланы коргоо улуттук борборунда системалуу түрдө опузалап акча талап кылуу фактысы аныкталды.
Тергөөнүн жүрүшүндө Улуттук борбордун нейрохирургия бөлүмүнүн башчысы оорулуу балдардын ата-энелеринен аларга көрсөткөн кызматтары үчүн системалуу түрдө акча чогултуп жүргөн. Алынган каражаттардын көлөмү 2 миң сомдон 30 миң сомго чейин болгон.
Аталган жаран УКМКнын убактылуу кармоочу жайына киргизилди. Козголгон кылмыш ишинин алкагында бул ишке тиешеси бар башка адамдарды аныктоо жана кылмыш жоопкерчилигине тартуу боюнча тергөө-ыкчам иш-чаралар жүргүзүлүүдө.
Акыйкатчы институту Балыкчы шаарында 14 жаштагы окуучунун өлүмү боюнча жүргүзүлүп жаткан иштерге башынан эле мониторинг жүргүзүп келет. Бул тууралуу Акыйкатчы...
Ош шаарында кызматтык абалынан кыянаттык менен пайдалануу фактысы боюнча Ош ШИИБдин Патрулдук милициясынын инспектору кармалды. Бул тууралуу УКМКдан билдиришти. 5-июль...
Саламаттыкты сактоо министрлиги 2025-жылдын акыркы эки айында Бишкек жана Ош шаарларындагы жеке медициналык уюмдарды кеңири масштабда текшерүү иштерин жүргүздү. Жалпы...
Кылмыштуу кирешелерди адалдаштырууга шектүү кармалды. Бул тууралуу УКМКдан билдиришти. УКМК тарабынан жүргүзүлгөн ыкчам-иликтөө иш-чараларынын алкагында кылмыштуу кирешелерди легализациялоо (адалдоо), ошондой...