20-майда Орусиянын Забайкал крайындагы Карымское кыштагында болгон жол-транспорт кырсыгынын кесепетинен Кыргыз Республикасынын жарандары каза болгондугун ТИМ билдирди.
Алдын ала маалыматтарга ылайык, Чернышевск — Чита багыты боюнча бара жаткан жеңил унаа менен жүк ташуучу унаанын кагылышуусунун натыйжасында 2003-жылы туулган П.Б. жана 2005-жылы туулган П.М. аттуу Кыргыз Республикасынын жарандары каза болушкан.
Учурда Орусиянын компетенттүү органдары тарабынан бул окуя боюнча тергөө иштери жүргүзүлүүдө, соттук-медициналык экспертиза дайындалган.
Ошону менен бирге региондогу кыргыз диаспорасы менен биргеликте каза болгон жарандардын сөөктөрүн мекенине жеткирүү маселеси каралууда.
Орусиянын Забайкал аймагында кыргызстандык жаш жубайлар жол кырсыгынан каза болгонун маалымат каражаттары жазып чыгышкан.