Ошто жаранга кол салган «Нейтрал» жаштар тобунун мүчөлөрү кармалды. Бул тууралуу УКМКдан билдиришти.
Маалыматка ылайык, 9-январда жогоруда аталган топтун айрым мүчөлөрү А.Б.А.га кол салышкан. Бычактан алган жараатарынан улам жабырлануучу Ош облустук ооруканасына жаткырылып, ага бир нече операция жасалган. Бул факты боюнча кылмыш иши козголуп, анын алкагында 2001-жылы туулган Т.Т.Н., 2002-жылы туулган И.Э.И. аттуу шектүүлөр кармалган. Ош шаарынын 25-ТКЖсына камакка алынган. Учурда тергөө иштери улантылып, бул окуянын калган катышуучуларынын жүргөн жерлери такталууда.
«Топтун өкүлдөрүнүн башка мыйзамсыз аракеттерге катыштыгы бардыгы, ошондой эле укук коргоо органдарынын кызматкерлери тарабынан аларды «калкалоо» фактыларын аныктоо жана андай көрүнуштөргө бөгөт коюу боюнча атайын багыттагы иштер жүргүзүлүүдө», — деп билдирет УКМК.