Сокулукта 17 жаштагы жигит жол тескөөчүнү унаанын капотунда сүйрөп кетти.
Маалыматка караганда, окуя 20-августта түнкү саат 03:15 чамасында болгон. Жол тескөөчү мамлекеттик номери жок Toyota Camry унаасын токтоткон. Айдоочу талапка баш ийбей, жол тескөөчүнү унаанын капотунда 200–300 метрге чейин сүйрөгөн.
Ага 15 миң сом айып салынды. Ошондой эле унааны номери жок, айдоочулук күбөлүксүз айдаганы жана милиция кызматкерине баш ийбегени үчүн да протоколдор түзүлдү.






