Таластагы аялдамадан эркек кишинин жансыз денеси табылды. Бул тууралуу Талас ОИИБден билдиришти.
Маалыматка караганда, шаардын Оторбаев көчөсүндөгү аялдамада жансыз дене жаткандыгы тууралуу маалымат түшкөн. Ал жерге барган милиция 50-55 жаштар чамасындагы эркек кишинин жансыз денесин табышкан. Анын жанында бөтөлкө табылган. Текшерүү учурунда, маркумдун 1971-жылы туулган жаран экени аныкталды. Денесин кароо учурунда тактар байкалган.
Аталган факты боюнча кылмыш иши козголду. Учурда тергөө иштери уланып жатат.