Кечээ, 19-июнда социалдык тармакта «Таш-Көмүрдө унаа жардан кулап кетти» деген видео тараган. СЕРЕП МЕДИА маалымат агенттигине ИИМдин Жалал-Абад облусу боюнча жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкармалыгынан маалымат беришти.
19-июнь күнү саат 16:20 чамасында Жалал-Абад облусунун Таш-Көмүр шаарына караштуу Бишкек-Ош жолунун 454-чакырымында Ноокен районунун Бүргөндү айыл өкмөтүнүн 1999-жылы туулган тургуну күмүш түстөгү Хонда-Степ Вагон унаасы Нарын дарыясынын жээгине түшүп кеткен. Кырсыктын кесепетинен Ноокен районунун 1998-жылы туулган тургуну А. уулу Н., Ноокен районунун 1998-жылы туулган тургуну С.Д.С., Ноокен районун 2000-жылы туулган тургуну О.К.А. окуя болгон жеринен каза болуп калышкан.
Ноокен районунун тургуну С. уулу С., Ноокен районунун тургуну 1998-жылы туулган Н. уулу А., Ноокен районунун тургуну 1998-жылы туулган К. уулу А., Ноокен районунун тургуну 1998-жылы туулган тургуну Ж.уулу К. Таш-Көмүр шаардык ооруканасынын хирургия бөлүмүнө жаткырылган.
Посмотреть эту публикацию в Instagram










