УКМКнын мурдагы төрагасы Абдил Сегизбаев соттун өкүмү мыйзамдуу күчүнө киргенге чейин эч жакка кетпөө тил каты менен бошотулду. Анын бөгөт чарасы кечээ, 1-апрелде каралганын Биринчи Май райондук сотунан маалымдашты.
Сотто ал күнөөлүү деп табылып, ага 4 миллион сом өлмөмүндөгү айып пул иретинде жаза дайындалды. УКМКнын мурдагы төрагасы «кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу» беренеси менен козголгон эки иш боюнча күнөөсү далилденген.