Кылмыш-жаза кодексинин 288-беренесинин (Баңгизат каражаттарын камтыган өсүмдүктөрдү себүү жана өстүрүү) негизинде кылмыш иши козголуп, ал кылмыш ишинин алкагында 13-июнда Бишкек шаарында Кыргыз жаранынын жеке үйүндө тинтүү иштери жүргүзүлгөн, натыйжада үйдүн короосунан ири өлчөмдө өстүрүлгөн кара куурай бадалдары табылган. Бул тууралуу УКМКдан маалымдашты.
Табылган жерди текшерүүдө өсүмдүктөр жасалма түрдө өстүрүлүп жатканы жана кылдаттык менен кам көрүлгөнү байкалды. Өстүрүлгөн кара куурай бадалдары белгиленген тартипте алынып, контролдук таразага ылайык, баңгизаты бар өсүмдүктөрдүн жалпы салмагы 130 килограмм болду.
Учурда бардык жагдайларды тактоо боюнча кошумча ыкчам-иликтөө иш-чаралары жүргүзүлүүдө.
УКМК тарабынан жүргүзүлгөн ыкчам-издөө иш-чараларынын жүрүшүндө ИИМдин Баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү кызматынын кызмат адамдарынын акча каражаттарын талап кылуу жана...
16-апрелде УКМК жана ИИМдин Ички иликтөө кызматы менен биргеликте жүргүзүлгөн ыкчам-тергөө иш-чараларынын жүрүшүндө Чүй облусунун Сокулук РИИБинин Кылмыш иликтөө бөлүмүнүн...
Ички иштер министрлигинин Ички иликтөө кызматына 2000-жылы туулган Э. уулу Э. аттуу жарандан анын кармалышына катышкан милиция кызматкерлеринин мыйзамсыз аракеттери...
Кылмыш ишин иликтөөнүн жүрүшүндө УКМК Ош шаардык мэриясынын Муниципалдык менчик башкармалыгынын кызматкерлери тарабынан кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу фактысын аныктады....
Башкы прокуратура тарабынан жүргүзүлгөн текшерүүдө салык органдарынын кызмат адамдары «Б» ЖЧКга карата салыктык текшерүү жүргүзүүдө мыйзам талаптарын одоно бузгандыгы аныкталды....