«Аэрофлот» кийинки аптадан тартып Кыргызстанга уча баштайт». Бул тууралуу кечээ, 10-мартта транспорт жана коммуникациялар министринин орун басары Таабалды Тиллаев Жогорку Кеңештин жыйынында билдирди.
«Авиа Траффик Урал» жана «Аэрофлот» авиакомпаниялары макулдугун беришти. Эмки аптадан тартып, буюрса, уча баштайт», — деди ал.
Бирок каттамдар жанданары тууралуу «Аэрофлоттун» расмий сайтында маалымат жарыяланган жок.
Орусиялык ири авиакомпания болгон «Аэрофлот» 8-марттан тартып чет өлкөгө, анын ичинде Кыргызстанга да учкан бардык каттамдарын токтоткон. Мындан улам айрым депутаттар Москвадан Бишкекке авиабилеттер кымбаттаганын билдиришкен.