«Президент Садыр Жапаров кол койгон жарлыкка ылайык, Министрлер кабинетинин төрагасы – президенттин администрациясынын жетекчиси Жапаров Акылбек Усенбекович башка ишке өткөндүгүнө байланыштуу ээлеген кызмат ордунан бошотулду», — деп айтылат маалыматта.
Адылбек Касымалиев Министрлер кабинетинин төрагасынын милдетин аткаруучу болуп дайындалды. «Министрлер кабинетинин төрагасы кызмат ордуна дайындоо үчүн Адылбек Касымалиевдин талапкерлиги Жогорку Кеңешке макулдашуу үчүн киргизилет», — деп айтылат Министрлер кабинети тараткан маалыматта.











